Көчмөндөр оюнуна кетчү чыгашалардын бири – кийим. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына караганда, параддык кийимдерге — 2,380 миң сом, спортчулар менен волонтерлордун кийимдерине — 3,1 миллион сом чыгымдалат.
Эскерте кетсек, 2014-жылы биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталган. Экинчиси 2016-жылы, Ысык-Көлдүн Бостери аймагындагы Бактуу-Долоноту айылында курулган ат майданында экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн эле. Ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков демөөрчүлөр 2 миллион доллардай жардам кылганын айткан. Эми быйыл сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Кийим-кечеге эле 2 млндон ашык кетсе, башкасына дагы канча деген каражат кетет? Ушунун кереги бар беле?
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы