Президенттик шайлоодо дайыма талапкерлигин коюп келген укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бу жолу Бишкек шаарынын мэри болууга белсенди. Кечээ ал документин (саат 16:45те) тапшырып калганга үлгүрдү. Талапкерликке документти кабыл алуу мөөнөтү 31-июлда саат 18:00до чейин болчу.
Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы мэрликке талапкер кылып сунуштаган Азиз Суракматовго жалгыз атаандаш Токтайым Үмөталиева болуп калды окшойт. 8-августта экөөнүн кимиси өтөт болду экен?
Баса, кечээ Азиз Суракматов кыргыз тилин билүү боюнча сынак тапшырып, ийгиликтүү өткөн.
Эрзат МЫРЗА