«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады.
“Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын мусулмандары! Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!
Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, Жараткандын алдында ыйык милдетин аткарышат, дасторкон жайып, жакшы тилек, жайдары маанай менен тосуп алышат. Бул улуу күн – адамдардын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөгөн касиеттүү күн.
Курман айт күнү тилектерибиз кабыл болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман-ырыскы уяласын!
Жакшы ой-максаттарыңыздар ишке ашып, ыйык Мекке шаарында мусулмандык парзын аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ажылык зыяраттары кабыл болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин!
Өлкөбүз кубаттуу, туруктуу болуп, ар дайым өсүп-өнүгүү коштоп турсун! Ата Мекенибиздин асманы ачык, жеринде тынчтык, элинде ынтымак жана биримдик орноп, бейпилдик өкүм сүрсүн!
Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мекендештер!”