Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн көмүскөдөгү жетекчиси болом деген тилегин таш каап, саясый салмагын таптакыр жоготуп, эми эркиндигинен ажыраганы олтурат. Өткөн бейшембиде республика парламентинин жакында Атамбаев “чимкирик” атаган 120 депутатынын 100 эл өкүлү мурдагы өлкө башчынын кол тийбестигин алуу боюнча добуш берип, Башкы прокуратурага токтом жөнөтүштү. Экс-президентке оор кылмыштар боюнча айып тагышты эле, кылмыш иши козголоруна эч ким шектенбей калгандай. Анда эле Кыргызстанда өз мансабын тынч бүтүргөн бир дагы мурдагы президент калбай калат.
Өткөн бейшембиде Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевге каршы айыптарды Башкы прокуратурага жөнөтүү жөнүндө токтомду карап чыгышты. Мурда 12 депутаттан турган атайын комиссия бул маселени карап, экс-президент бийликте турганда “уюшкан кылмыштуу топторду түзгөн”, ага каршы чыккан саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди “куугунтукка алып, репрессия жүргүзгөн” деген жыйынтыкка келген эле. Бул комиссиянын жыйынтыгына 120 депутаттын ичинен 100 эл өкүлү (жыйынга 105 депутат катышып олтурган) макул болду, ошентип А.Атамбаевге карата иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
“Ъ” гезитине парламенттик комиссиянын мүчөсү Канат Исаев: “Эми Башкы прокуратура токтомго укуктук баа берүүгө тийиш” деп түшүндүрдү. “Эгерде комиссиянын жыйынтыктары аныкталса, анда Башкы прокуратура парламентке экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу өтүнүчү менен кайрылат, ал эми парламент үчтөн эки бөлүгү менен кол тийбестигин алып кое алат. Атамбаевге каршы кылмыш ишин козгоо үчүн ушундай процедура жазылган”, — деди ал.
Кыргызстандын экс-президентине каршы оор кылмыштардын катарына Орусиянын жарандарына, анын ичинен кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө атайын куралдарды сыйлык катары белек кылганы кирет. Мындан тышкары комиссия 2013-жылдын апрелинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотууга буйрук бергенин Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Шамиль Атаханов тастыктаган. Атамбаевдин буйрук бергени жөнүндө ”Ъ” гезити да өз булактарынан маалымат алган. Ага ылайык мыйзамдагы уурунун эркиндиги үчүн бардык аткаминерлерге жалпы жонунан 15 млн $ төлөнгөн.
Ошондой эле депутаттарды билдирүүсү боюнча А.Атамбаев башында турган бийлик түзүмдөрү “Заноза” оппозициялык интернет-басылмасынын “(азыр ал Kaktus.Media аталат) кабарчыларына жалпы жонунан 27 млн сомду (500 миң $ тегерегинде) түзгөн доо-арыз берүүгө демилге кылышкан.
Азыр Кыргызстанда жакынкы аралыкта кылмыш иши козголоруна эч ким деле шектенбей калды. “Парламент ушундай чечимге келерин билип эле турганбыз” – дейт саясат таануучу Игорь Шестаков. “Парламент менен экс-президенттин араздашуусуна Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын жетекчилеринин ортосунда жик кетип, эки саясий лагерге бөлүнгөнү себеп болду, натыйжада Атамбаевдин тарапташтары парламентте азчылыкты түзүп калды”, — дейт ал.
Ооба, апрелде КСДПнын бир бөлүгү Юстиция министрлигине кайрылып, партиянын жаңы жетекчиси катары экс-президенттин атаандашы Сагынбек Абдрахмановду каттап берүү өтүнүчү менен кайрылышкан эле. Ал эми А.Атамбаевдин тарапташтары бул кадамды “малекеттик рейдерлик” катары санап, “чыныгы” КСДП – алар экендигин талашып жатыш калышкан эле. Белгилей кетчү жагдай, май айынын соңунда Кыргызстандын азыркы президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин мурдагы башчысынын жоопко тартуу боюнча мыйзамга кол койгондони кийин Алмазбек Атамбаев өз эрки менен партиянын катарынан чыгып кеткен.
“Азыр бардык аракеттердин бардыгы экс-президентке каршы иштеп жатат, — дейт саясат таануучу Игорь Шестаков. – КСДП менен Атамбаев – бул эми Кыргызстандын өткөн тарыхы болуп калды. Эгерде өлкөдөгү коррупциянын жогорку деңгээлин эске алсак, Атамбаевге каршы кылмыш иши коомчулуктун талабы болуп калат”.
Бирок белгилей кетели, Атамбаев өзү “бүгүнкү саясатта” экендигин далилдегиси келип, колунан келгенинин бардыгын жасоого аракет кылды, Сооронбай Жээнбековду өзүнүн мураскери катары калтырды, ошентип өлкөнү башкара берем деп ойлогон.
Бирок бул оюн таш капканы былтыр эле ачык болуп калган эле, анткени президенттин “жөөкөрлөрү” чуулгандуу коррупциялык иштер боюнча четинен камала баштады. Биринчи кезекте кеп экс-премьер Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов, бажынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматов, ошондой эле экс-президенттин эң ишенимдүү кишиси Икрамжан Илмиянов жөнүндө болуп жатат.
Аталган аткаминерлердин бардыгын боштондукка чыгарууну 8-июнда өткөн митингде А.Атамбаев бийликтен талап кылган эле, ошол эле замат андан баш тартып кеткен депутаттардын бардыгын “чимкириктер” деп келекелеген. Алардын жообу комиссия түзүү менен коштолуп, минтип экс-президентке оор айыптар тагылды.
Эң ири жана чуулгандуу долбоор болуп Бишкек ЖЭБ болуп калды, оңдоп-түздөө иштеринен кийин 2018-жылдын январь айындагы 30 градустук суукта иштен чыкканы себеп болду.
“Кылмыш иши козголгондон кийин А.Атамбаевге комиссиянын токтомуна кирбей калган башка кылмыш иштер боюнча да суроолор берилиши мүмкүн, — деди “Ъ” гезитине КСДП фракциясынан депутат Евгения Строкова.
Белгилей кетели, Алмазбек Атамбаев – өз милдеттерин аткаргандан кийин өлкөдө калган Кыргызстандын жалгыз экс-президенти. Андан мурдагы президенттер – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев – өлкөдөн качууга аргасыз болушкан. Бир гана тынч жүргөнү – бийликте бир гана жыл олтурган өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева.
“Алмазбек Атамбаев чама-чаркын билбей,өзүнө абдан ишенип алгандыктан, татыктуу жооп алып олтурат”, — деди “Ъ” гезитне Борбордук Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов. – Башкаруу мөөнөтүнүн аягында ал чындап эле элдин бардыгын тажатып жиберген, сөзгө келбеген энөөлүгү бар эле, бирок аябай “улут атасы” болгусу келип, көмүскөдө жатып алып, “өлкөнү башкара берем” деп ойлоп, улуттук оюн сыяктуу саясый “көк бөрү” тартып жүрө бергиси келген. Ошентип өлкө тарыхында анын куржуну да куру болбойт эми”.
Кирилл КРИВОШЕЕВ, Кабай КАРАБЕКОВ, Бишкек шаары
“Коммерсантъ” гезитинен кыргызчалаган Назира СААЛИЕВА