УКМКнын мурдагы жетекчиси, экс-президенттин эң жакын адамы Абдил Сегизбаев бүгүн Кой-Ташка барганын Атамбаевдин колдоочуларынын баары “Сегизбаев биз менен!” деп болгон социалдык тармактарга жазып, сүрөттөрүн жайгаштырып, таратышты.
А.Сегизбаевден журналисттер ал жерге эмне максат менен барганын сурашканда, ал: «Алмазбек Атамбаевдин ден соолугун сурап, аны колдоо үчүн келдим, эми жанында болом. Анын үстүнө өзүм ушул Кой-Таштан болом”,- дептир. Андан кесиптештер “Белизгейт” боюнча сурашканда, ал: “Сүйрөштү, бирок эч нерсе табышкан жок, ошондуктан эч нерсе жок»,- деп жооп бериптир.
Ошондой эле КСДПнын расмий өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева да Абдил Сегизбаев менен мурдагы ИИМ министри Улан Исраилов Кой-Ташка барганын жана Сегизбаев менен баарлашып, анын позициясын билген. “Жогорку Кеңеш мыйзамсыз чечим кабыл алгандан кийин, позициябызды билдириш үчүн келдик”,-деп Исраилов экөөнүн атынан жооп бериптир Сегизбаев Жолдубаевага.
ШЫКМАМАТОВ: «Белизгейт» боюнча Сегизбаев менен Жолдубаева жоопко тартылсын!»
деп ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов былтыр айткан эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз.
Эрзат МЫРЗА