«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кайын энеси, Айгүл Текебаеванын апасы Бүбүкан Турдуева 77 жашында кечээ (5-июлда) көз жумду. Маркумдун сөөгү бүгүн (6-июлда), көп жылдан бери жашап келген Чүй облусуна караштуу Таш-Төбө айылындагы жерге берилди. Кайын энесинин тажиясына камактагы саясатчы Өмүрбек Чиркешович барып, катышып, топурак салды.
Эскерте кетсек, экс-депутат Өмүрбек Текебаев Орусия жараны, шылуун (азыр түрмөдө) Маевскийдин жалган жалаасы менен айыпталып, 2017-жылы 8 жылга кесилген. М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарылангандан кийин Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия борборуна 30-июнда которулуп, бел омурткаларын текшертиш үчүн жаткырылган. Бир канча жыл мурун бел омурткаларына операция жасалган.
16-июлда, Ө.Текебаевге байланыштуу ишти Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгат.
Сапар уулу Атай эч куносуз азыр камакта отурат. Сот 3 жылдан бери отуп келтат. Ал апасы кайтыш болгон топурак салбай арманда калды.
Атка минерлердин заманы качан озгорот. Закон баарыбызга бердей иштебейт Кыргызстанда.