Кайдагы бир шылуун Маевскийдин жалган жалаасы, Атамбаевдин көрсөтмөсү менен абакта отурган Өмүрбек Чиркешовичтин туулуп-өскөн Акман айылына super.kg сайтынын журналисттери барып, Тилла апа, мугалими, классташтары менен маектешип келип, аны Ютубга жайгарышты.
Журналист: “21-августта Жогорку Сотто иши кайра каралат, акталат деп ойлойсузбу?”
Тилла апа: “Кудай кааласа чыгат деп ойлоп жатам, күн санап. 16да чыгат деп ойлогом. Балам бекер эле отурат”.
Өмүрбек Текебаевдин 91 жаштагы апасы баштаган маекти төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!
Эскерте кетсек, 16-августта, Жогорку сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу сот отуруму болмок. Ал күнү да шылтоо менен 21-августка жылдырып коюшкан. Августта акталып, эркиндикке чыгат деп бардык эл күтүп жатат.
Өмүрбек Текебаевдин апасы жөнүндө айткандары
Өмүрбек Чиркешовичтин апасы жөнүндөгү маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы