Саясатчылардын көбү суроо тандайт, өзүнө тиешелүү суроо берсең жактырбайт. Адил Турдукулов суроо тандабаган саясатчылардын катарын толуктаган инсан. Бардык суроого дайыма ачык, так, шыр жооп берет. Ушундай жакшы сапаттары бар жөнөкөй жигит, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү менен биз партиясынын бүгүнкү абалы, Атамбаевди жактаганын себеби, кызмат көздөгөнү, эл оозундагы “Америка агенттиги”, Индира Жолдубаева менен Абдил Сегизбаевди жоопко тартуу маселеси тууралуу маек курдук.
-Адил, маекти партиялашың, депутат Ирина Карамушкинадан да баштасак. Ага башкы прокуратура «Барымтага алуу» жана «Кылмышка катышуу» беренеси боюнча шек саналып жатканын билдирген. Андан көп өтпөй, Биринчи май райондук соту ошол маселе боюнча анын бөгөт чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагына калтыруу чечимин чыгарды. Мындай чечимди кандай кабыл алдың?
— Мындай чечимди мен бийликтин саясий куугунтугу катары кабыл алдым. Себеби, Ирина Карамушкинага “Барымтага алуу” айып коюуга эч кандай укуктук негиз жок болчу. Анткени депутат Кой-Таштагы окуяда күч органдарынын өкүлдөрүнүн жарадар болгондоруна жардам берип, аларды тез жардамга жеткирүүгө коридор түзүп берген. Аны өзү деле сотко кирээрдин алдында айтты го. Аны видеодон деле көрүүгө болот. Ал жерде эл өкүлүнүн эч кандай чакырык жасаган нерсеси жок, жардам көрсөтүү гана кыймылы бар. Андыктан “барымтага алуу” беренеси таптакыр туура эмес, болбогон нерсе.
— Өзүң ал күнү (7-8-августта) кайда элең, кандай кыймыл кылгансың?
—7-августта “Апрель” телеканалына келип, “Солтон-Сарыдагы” окуя боюнча “Чакмак” берүүсүнө катышкам. Ал жерден чыгып, журналист чакырган дагы бир иш-чарага баргам. Ошол жерден чыкканда Кой-Таштагы окуя боюнча уктум, дароо ал жакка жөнөдүм. Мен барган учурда жолдор жабылып, ал жакка эч ким өткөрүлбөй жатыптыр. Ызы-чуу, башаламан, бири-бирин укпайт. Укпаган кишини кантип жөнгө саласың? Ошондон улам, кайра “Апрель” телеканалына барып, ал жердеги окуя боюнча өз пикиримди билдирдим. Эртеси, 8-августта таң эрте Кой-Ташка барып, Атамбаев менен учурашып, ал кишинин журналисттерге берген кыска маегин уктум. Анда ал саат төрттө “Форумдун” алдында митинг өтөөрүн айтты, аны уккандан кийин, кайра шаарга келдим. “Форумга” барсам, митинг болбой калганын айтышты. Кой-Ташка жөнөдүк. “Супаранын” алдында жол тосулуп, милициялар туруптур. Ал жерден өтө албагандан кийин, башка жагы менен өтүп, Кой-Таштын айылына барганыбызда да жол тосулуп туруптур. Ал жерден тааныш журналисттер чыгып, “Атамбаевди ИИМге алып кетиптир”,-деди. ИИМдин алдына барсак, ал жерде да журналисттер турган экен. Көп өтпөй эле ал жерге Фарид Ниязов, Атамбаевдин жансакчысы Канатты жана Кундуз Жолдубаеваны алып келишти. Аларды имараттын ичине алынып кирип кеткенден кийин, алар чыкканча деп аянтка чыктым. Ал жерде да эл толтура, милициялар да көп. Бир убакта көздөн жаш агуучу заттар менен атуу башталды. Аны да видеого тартып алдым. Ушул жерден баса белгилей кетчү нерсе, ал жердеги топтошкон ээнбаш балдардын Атамбаевге тиешеси жок болчу. Алар эмне максат менен эмнеге чогулганын чыны билбейм. Жаалданган жаштарды аяттан күч органдары сүрүп чыгарды. Кейиштүүсү — ал жерде эс алып жүргөн же кетип бараткан балдарга кедергеси тийгени болду. Айрым жаш балдардын сабалганын видеодон көрдүк го. Мунун баары тарых. Азыр белгисиз калган нерсенин баары кайсы бир убакта айтылат.
-7-августтагы окуя боюнча УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев дагы күбө катары суралып жүрөт. «Белиз-гейт” боюнча маселени козгоп, анын жоопко тартылышы тууралуу Башкы прокуратурага арыз жаздың. Арызың каралып, Сегизбаев жоопко тартылат деп ойлойсуңбу?
-Абдил Сегизбаев “Белизгейт” боюнча сөзсүз жоопко тартылышы керек. Анткени ал ошону ойлоп таап, Өмүрбек Текебаевди жок жерден эле жаманатты кылганы ачыкталган. Ал маселе боюнча, убагында Текебаев өзү жана “Ата Мекен” партиянын мүчөлөрү да башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Бирок, ал жоопсуз калган. Кечээ жакында Жогорку Сот Текебаевдин иши боюнча жаңы ачылган жагдайларды карап, “мурунку чечимдер жокко чыгарылсын, ал иш кайра каралсын”,- деген чечим чыгарып, ишти артка жибергенден кийин, “Белиз-гейт” маселесин да соттор адилет карап, Сегизбаевди жоопко тартат деген үмүттө калдым. Анткени “Белиз-гейт” баягы “Матрешка-гейттей” эле болду. Андагы бийлик Өмүрбек Чиркешовичти жаманатты кылуу аракети болсо, так ошондой нерсе болуп, ошол көрүнүш кайталанган. Негедир ошол маселе боюнча, ушул убакка чейин Абдил Сегизбаев жоопко тартылбай жатат. Ошондуктан, анын жоопко тартылуусун талап кылып жатам.
-“Белиз-гейт” чыры чыкканда, сен жактап жаткан Атамбаев бийликте, башкы прокурор Индира Жолдубаева эле. Мына, бүгүн, андагы башпрокурор Батукаевге байланыштуу иш боюнча бөгөт чарасы болуп, үй камагына чыкты. Жолдубаеванын Батукаев ишине кандайча тиешеси бар деп ойлойсуң?
—Жолдубаеванын Батукаев ишине тиешеси болушу ыктымал. Себеби, ал 2012-жылдан 2015-жылга чейин Президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн үч жыл жетектеген. Ошол кездеги сотторго, башка укук коргоо органдарына кандай тапшырма берилгенин бийлик сезип турат жана укук коргоо органдарында так маалымат бар. Аны азыр болбосо дагы, акыры ачыкка чыгарат деп ойлойм.
Ал эми Өмүрбек Текебаевге карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевден баштап, УКМКнын, Башкы прокуратуранын кызматкерлери да жоопко тартылышы зарыл! Жана Текебаевди туура эмес камаган сотко дагы чара көрүлүшү керек!
-Өмүрбек Текебаевдин ишин Биринчи Май райондук соту кайра караганда, аны толук бойдон актайт деп ойлойсуңбу? Сенин партиялашың, депутат Рыскелди Момбеков алардан күмөн санап, азырынча сүйүнүүгө эрте деди…
—Албетте, Жогорку Сот соттолгонун жокко чыгарганын угуп, баарыбыз эле сүйүндүк. Алардын мындай чечимин айрымдар: “соттун көз карандысыздыгынын белгиси” деп айтып жатышат. Мен мындай пикирге кошула албайм. Себеби, саясий абал өзгөргөндөн кийин Текебаевге карата чечим оңолду. Ага чейин көз жумуп эле келишпеди беле. Эми Биринчи Май райондук соту ишти кайра караганда, Өмүрбек Текебаевди толук бойдон акташы керек. Аны созбой, биринчи этапта эле, толук бойдон актап коёт деген үмүт бар. Бирок, ал дагы ишке ашпай калышы мүмкүн. Депутат Рыскелди Момбековдун айткандарында кандайдыр бир чындык бар. Себеби, соттор бийликке көз каранды болуп жатпайбы. Болбосо, бийлик алмашкандан кийин, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Садыр Жапаровдор акталып, эркиндикке чыгышы керек болчу. Мына, Садыр Жапаровдун соту да жакында болуп, мурунку чечимди эч өзгөртүүсүз калтырды. Буга анын адвокаты, тарапташтары нааразы болду. Мен дагы нааразымын.
-Өмүрбек Бабановдун суракка чакырылып жатканына нааразы эмессиңби? Анын тарапташтары дагы сурак берип жүргөнүнө нааразы болууда?
— Эми Бабанов баарын билип эле келди, андыктан тарапташтары нааразы болбой эле койсо болот. “Сурагына барам” деп ачык айтып эле Кыргызстанга кайтып келген. Бүгүн сурак берип жаткан айыбынын бирөөсү — Он-Адырда сүйлөгөнү. Анда эч кандай чагымчылдыкка козутууну байкаган жокмун. Бул сөздү илимпоз, окумуштуулар деле талдап чыгып, ага оң баа беришти эле го. Бабанов жөнүндө ушактар тарап жатат. Мисалы, “алдын ала бийлик менен сүйлөшүп келди”,-деген кеп кетүүдө, бул сөзгө мен кошула албайм. Өзү да бул сөздү четке какты.
-Адил, сага да нааразы болгондор көп. Алардын ичинде мен дагы бармын, ачык эле айтайын. Анткени сен акты ак, көктү көк деп, Алмазбек Атамбаев бийликте турганда анын кылган иштери боюнча факты менен сындап жазып келгенсиң. Анан эле болуп көрбөгөндөй бурулуш болуп кетти. Кечээги ой-пикириңе, дегеле жандүйнөңө төңкөрүш болуп кеткенине эмне себеп болду? Же жанында күчтүү, көрүнүктүү саясатчылар калбай калганына бооруң оорудубу, же кандайдыр бир башка максаттарың болдубу?
— Ооба, ырас, мен Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, ага карата сын-пикир айткам, жазгам. Аны азыр да танбайм жана айткандарымдан кайтпайм. Ошол эле ойдомун. Ошол эле учурда Атамбаевдин кылган иштерин баса белгилей кетсем, ал саясатчы катары эки чоң саясий прецедент жасады.
-Мисалы?
-Мисалы, ал төрт жолу, атаандаштык негизде, буга чейин болуп көрбөгөндөй эки парламенттик, эки президенттик шайлоону өткөрдү. Бул бир. Экинчиси – Башмыйзам. Конституцияны бурмалабай, мөөнөтүн узартпай туруп бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берди. Бул Борбордук Азиядагы эң чоң саясий прецедент болду. Буга биз күбө болгондуктан аны тана албайбыз. Үчүнчүдөн, Атамбаев оппозициянын ана башчысы болуп турду жана бийликке катуу сын айта алды. “Ошол сыны өзүн сындырып койду. Атамбаевдин камалышы менен оппозиция жок болуп калат” деген да сөздөр кетүүдө, мен буга кошула албайм. КСДП токтоп калбайт, ал өзүнүн ишин уланта берет, алдыдагы парламенттик шайлоого катышабыз. Ошондуктан партиябызды оппозициялык күч кыла алабыз деген ойдомун.
— “Ушул партияда көп жылдан бери жүрсө дагы кызматка жеткен жок. Ошон үчүн Атамбаев бийликте турганда аны сындаган. Эми Сооронбай Жээнбековду сындап жатат. Анткени жаңы бийликте да кызматка жеткен жок. Ошон үчүн Атамбаевге ооду”,-деген да сөздөр бар. Кызмат көздөп келатканың чынбы?
-Мамлекеттик кызматка баруу — бул уят иш эмес, мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгерде элге, мамлекетке таза, ак иштеп берүү ниетиң болсо, анда эмнеге кызматка барбашың керек?! Мен мамлекеттик кызматка барууга аракет кылып көрдүм. Аны өзүңүздөр жакшы билесиздер, КТРКны жетектегенди каалагам. Конкурска талапкерлигимди коюп, тилекке каршы, өтпөй калгам. Себеби, бийликке жаккан жокмун. Анткени мен бийликке көз карандысыз, чыныгы коомдук телевидение кылмакмын. “Коомдук телерадио берүү корпорациясы” (КТРК) делгени менен, коомго эмес, бийликке кызмат кылып келатканы көрүнүп эле жатпайбы!
-КТРКны жетектеп калганда, ал жерге командаңды алып барат белең?
-Эгерде толук кандуу системаны өзгөртөм десең, анда кызматка команда менен баруу керек. Жалгыздап баргандан майнап чыкпайт. Эми бул менин жеке пикирим.
-Командаң партиялаштарың да. Жогоруда “шайлоого катышабыз” дедиң. Бирок, партияңардын эртеңи бүдөмүк да, дегеним Сагынбек Абдрахманов менен келише албайсыңар… Ошондуктан шайлоого катышууңар кыйындап калбайбы?
— Эч кандай кыйынчылык болбойт. Эгер башка бир саясий лидер басып ала турган болсо, анда ага туруштук беребиз. Себеби, биздин партияда өз позициясын бекем кармап, андан танбаган адамдар басымдуулук кылат. Ошондуктан, алдыдагы шайлоого эч ким тоскоолдук кыла албайт. Буйруса, парламенттик шайлоо аркылуу бийликке жетебиз, албетте, элдин колдоосу менен.
-Эл колдоп берээрине ишенесиңби?
-Ишенем. Себеби, КСДПнын тарыхы, баскан жолу бар. 1992-жылдан бери өз ишмерлүүлүгүн: оппозицияда болобу, же бийликте болобу, өз ишин токтоткон эмес жана токтотпойт. Андыктан, биздин партия шайлоого катышууга толук укугу бар.
— Ал үчүн кеңсе керек да. «Медиа Форум» ишканасындагы кеңсеңер камакка алынган. Бирок, Карамушкина “партиянын кеңсесин камакка коё алышпайт. «Форумга» барып, ижарага кеңсесин алдык, бекитилбеген бөлмөлөрдө иштей беребиз»,-деген эле. Ошол жерде иш алып барып жатасыңарбы?
— Дегеле, “Медиа Форумдун” камакка алынышы мыйзамсыз. Ирина Карамушкинанын айтканы туура, партиянын кеңсесин камакка ала алышпайт. Партия ошол ижарага алынган жерде ишин уланта берет. “Элдик штаб” да ошол жерде болуп, ишин улантат.
-КСДПны жана Атамбаевди колдоп, аягына чейин каласыңбы? Же башка партия чакырса барасыңбы?
-Бул партияда мен 2004-жылдан бери мүчө болуп келатам. Дал ушул партияны алдыга сүрөп кете берем.
—Соңку суроо. Адил, эгер бул суроо сага катуу тийсе, алдын ала кечирим сурайм. Сени “американын агенти” деген кеп кетти, бирок, бул сөздүн чыкканы качан. Өзүң деле угуп, окусаң керек. Бул боюнча Орусиянын ММКлары да жакында эле жазып чыгып, “революцияны каалаган адамдар менен жолугушту” деп, алар менен түшкөн сүрөттөрүңдү дагы жайгаштырышты. Сен эле эмес, бир топ белгилүү саясатчылардын аттары аталды. Буга кандай комментарий бере аласың?
-Биз саясатчы, коомдук ишмер болгондуктан, ар кайсы өлкөдөгү эксперттер, чет жактагы коомдук ишмерлер менен, же башка бир партиялык ишмерлер менен саясий кеңеш жүргүзүү боюнча сүйлөшүүгө укугубуз бар жана ал кадимки эле мыйзамдуу көрүнүш. Эми Орусиянын ММКларынын жазганына токтолсом, алардын саясаты түшүнүктүү эле да, өз саясатын жүргүзүп жатат. Мен жана аттары аталган саясатчылар эч кандай ЦРУнун (АКШнын Борбордук Чалгындоо Башкармылыгы – авт.) агенттери эмес. Мен Американын агенти эч качан болгон эмесмин! Мен Кыргызстандын жаранымын, кыргыздын уулумун жана кыргыздын мекенчил баласымын!
Маектешкен Назира СААЛИЕВА