“Мыкты устат” деген аталышта биздин редакцияга кат келди. Анда журналист Курманбек Рыспаев устаты, чыгаан журналист, белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Сулайман Мамбеталиевдин 90 жылдык мааракесине арнап, эскерүү жазыптыр. Кандай редактор болгонун, дегеле ошол учурдагы кабарчылар, жетекчилер кандай болгону жөнүндө эң сонун эскерүү… Окуп, ойлонуп, ойгонуп, мурунку муундан үлгү алчудайбыз…
Анда азыркы Улуттук университет СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети деп аталчу. Мына ошол университеттин журналистика факультетинин 2-курсун бүтүп, «Нарын правдасы» деп аталган облустук гезитке практикага барып калдым. Оо, анда облустук гезит өзү да, анда иштеген адамдар да абдан сүрдүү көрүнчү. «Гезиттин кабарчысы келди» дегенде район, шаардын, колхоз-совхоздордун жетекчилери кыйсыпыр түшүп эле жатып калганын өз көзүм менен көрүп калган жайым бар.
Ал учурда облустук гезиттин баш редактору, баш редактордун орун басары деген кызматтар кол жеткис эле. Коммунисттик партиянын облустук бюросу, Борбордук Комитеттин бюросу менен макулдашылып, татыктуу, татыктуу эмес деп кыйла иликтөөдөн өткөн киши гана аталган кызматтарда иштечү. Азыркыдай баланчанын таяке-жээни, түкүнчө партиянын өкүлү деп көчөдөн кармап келип эле редактор кыла коймой үч уктасаң түшүңө кирчү эмес. Чала сабат, уюштуруучулук жөндөмү жок адамды редактор кыла коёт деген оозуңдан айлансын.
Сулайман Мамбеталиев агай да мына ошол талаптардын бардыгына жооп берип, төрт тарабынан тең төп келген үчүн облустук гезиттин баш редакторунун орун басары болгон тура, көрсө. Агай дегеним бекеринен эмес. Биз практикага барганда көрдүк, редактор көбүнесе уюштуруучулук жумуштардан колу бошобой, ар кайсы жактарга ыйгарым укуктуу (уполномоченный) болуп, партиянын тапшырмасы менен токтобойт экен. Ошого байланыштуу гезитти чыгаруунун жоопкерчилиги толугу менен Сулайман агайдын моюнуна жүктөлүптүр. Ошол килейген гезиттин бетиндеги ар бир материал үтүр, точкасына чейин агайдын кароосунан өтмөйүн чыкпай турганын 10–15 күндө барып түшүндүк.
Анан да бара-бара Сулайман Мамбеталиев келатканда редакциянын кызматкерлери кыйпычыктап, кирерге жер таппай калган учурларын байкадым. Эмнегедир а киши бир чети сүрдүү, бир чети кең пейил адамдай туюлуп туруп алды. Талапты жакшы коёт экен. Тапшырманы так, даана түшүндүрүп, аткарылбаса мага кайра кездешериңди унутпа дегенди кыйытып түшүндүрүп коймою дагы бар экен.
Анда эмне, балалыктын демине эсирип, тону томкорчудай дердеңдеп турган учурубуз болчу. Сулайман агайдын эки тапшырмасынан кийин эле желиң чыгып, ордуңа келип калат экенсиң. Бирок, үнүн көтөрүп, жер сабап, үстөл муштап, өкүрүп-бакырбай эле какшык сөз менен кабыргаңды сөгүп, жүрөгүңдү тыңшаган жайы бар болчу. Журналистикага ушул жарайт-жарабайт дегенди буйдалтпай түшүнө турган турмуштук тажырыйбасы, жаратылыш тартуулаган көсөмдүгү бар эле. Үмүтү жокторго убактысын коротуп жаман көрүнүп отурчу эмес. Ал эми биртике идирегиң бар экенин билсе, тапшырманы үстү-үстүнө берип, эзип таштачу. Булар практикант бүгүн бар, эртең кетет деген мамилени агайдан байкаган жокмун. Кадимки көп жылдан бери иштеп келаткан журналисттерге мамиле кылгандай эле мамиле кылчу. Тентек-жөнтөктөрүнүн жанында туруп калганыңды байкаса, андан үйрөнө турган эч нерсе жок деп алыстатканга аракет кылчу. Көрсө, мунун баары ачык айтылбаган тарбия, жакшы адам болсун деген ишаарат экенин кийин байкадым.
Атайын андай бол, мындай бол деп натация окуган жок. Өзүнүн жүргөн-турганы, эмгекке болгон мамилеси менен үлгү болду. Бизге окшогон көп журналисттер агайдын колунан тарбия алып чыкты. Анда-мында бир барып практикадан өткөн биз эле ушунча таасир алдык, ал эми бир нече жылдап бирге иштегендерге турмушта пайдасы тие турган көп эле жакшы нерселерди бергенинде күмөнүм жок.
90 жаш кутман курак, мааракеңиз менен, урматтуу устатым!
ФОТО: Сүрөттөрдө Сулайман Мамбеталиев. Жаш кездеги сүрөттөрү.
Курманбек РЫСПАЕВ, журналист