«Мекенчил» партиясынын шайлоо тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан «Майдан.kg» гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Мындай маалымат мамлекет башчысынын расмий сайтына бүгүн, 30-октябрда, жарыяланды. Анда буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгону жазылган.
Буга чейин бул кызматты Наргиза Мансурова аркалап турган, ал ушул жылдын 13-январында келген эле.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-октябрда, мамлекет башчысынын басма сөз катчысы болуп тележурналист Галина Байтерек дайындалган.
Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Анын аягы башаламандыкка айланып, абактагы саясатчылар (алардын арасында Садыр Жапаров да бар) бошотулуп, бийлик алмашкан. Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, анын ордуна парламенттин колдоосу менен премьер-министр болгон Садыр Жапаров келип, президенттин милдетин убактылуу аткарууда…
Бийлик алмашкандан бери, айтор, башкы жаӊылыктардын бири ар кыл кызмат ордуларында эски-жаӊы болуп жетекчилердин алмашуусу болууда…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы