Бүгүн, 4-декабрда, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling (UWW) виртуалдык турниринде жеңишке ээ болду. Ал ыраазычылыгын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Ал: «КЫРГЫЗСТАН ЖЕҢДИ Ар бирибиз жеңдик бүгүн! 292,896 добуштун ичинен 58% биздики! Тагыраак айтканда,
: @tynybekova.aisuluu (170,989 добуш),
: @vineshphogat (121,907 добуш).
Кыргыз элиме ыраазычылык айтам! Ушундай ынтымактуу жана бекем элдин ичинде болгонума Кудайыма миң шүгүр!», — деп жазды.
Белгилей кетсек, виртуалдык турнирдин ар багытында сегизден катышуучу болду. Аларга 292 896 адам добуш берди. Финалда Айсулуу Тыныбекова индиялык белгилүү спортчу Винеш Пхогат менен бет келип, атаандашын 58% менен утуп алды.
Эскерте кетсек, 2019-жылы 20-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү аталган. Ал 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен беттешип, 5:3 эсебинде аны жеңип алган. Айсулуу Тыныбекова — Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан кыз болуп аты тарых барактарына жазылып калды.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы