Мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов реанимацияда. Бул тууралуу бүгүн АКИпресс жазып чыкты. Алардын билдирүүсүнө караганда, экс-премьер-министр 3-декабрда ооруканага жаткырылып, ага коронавирус диагнозу коюлган. Учурда реанимацияда, абалы оор.
Эске сала кетсек, Кубатбек Боронов 2020-жылдын 16-июнунан 6-октябрына чейин премьер-министр болгон. Ал бийлик алмашкандан кийин кызматтан кеткен. Тагырагы, 9-октябрда, премьер-министрди жана башка өкмөт мүчөлөрүн андагы президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыгы менен отставкага кетирген.
Кубатбек Боронов премьер болуп турганда, коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабды жетектеген.
ШТАБ: «Бир суткада 401 адамдан коронавирус илдети аныкталды»
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 5-декабрга карата маалыматы боюнча, бир суткада 401 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 5 киши каза болгон.
Кайсы облуста көп катталууда?
- Чүй облусу – 133;
- Бишкек шаары — 99;
- Ысык-Көл облусу – 45;
- Жалал-Абад облусу – 39;
- Баткен облусу — 26;
- Ош облусу — 22;
- Ош шаары — 20;
- Талас облусу — 15;
- Нарын облусу — 2.
Эске сала кетсек, коронавирус Кыргызстанда жазында башталган. COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 18-мартта аныкталган. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын билдиргенине караганда, андан бери коронавирус 74 774 кишиге жугуп, алардын 1290у каза болуп, 66 538и айыккан.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы