ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматынын бүгүнкү (8-декабрдагы) маалыматына караганда, баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендер кармалган.
Бул факт Жазык кодексинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталган.
Натыйжада, Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарында 1997-жылы туулган Ш. уулу И. жана 2000-жылы туулган Ж. уулу Т. аттуу адам кармалып, алардын жанынан кара-күрөң түстөгү, өзөчө жыты бар зат табылып, салмагы 987 граммды түзгөн “гашиш” экендиги аныкталган.
Учурда шектүүлөр УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы