Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бүгүн жарык дүйнөгө келген күнү. Көзү тирүү болгондо 92 жашка чыкмак экен. Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. Бүгүнкү адабият күнүнө карата, архивди аӊтарып, Айтматовдун Жамийла жеӊеси менен жолукканын бердик. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.
Эми болсо улуу жазуучубуздун «Делбирим» аттуу повестиндеги башкы каармандар: Асел менен Ильяс тууралуу берип жатабыз. Чоӊ табылга, абдан кызыктуу маек. Кинодогуга окшошпогон чыныгы турмушун Озуйпа (Асел) апа өзү айтып берген…
Архивден…
Чыӊгыз Айтматовдун «Делбирим» аттуу повестинин негизинде «Мен Тянь-Шань» тасмасы тартылып, анда башкы каармандар Ильяс менен Аселдин тагдыры чагылдырылат эмеспи. Ошол тасмадагы жана турмуштагы Ильястын кемпири Озуйпа (Асел) Курманова апа учурда Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылында өмүр кечирип, 84-күздү тосуп олтурганын угуп, айылга жетип бардык. Чоӊ табылга үчүн сүйүнсөк, Ильяс атанын өтүп кеткенин угуп күйүндүк. Тирүү болгондо, көп нерсени айтып бермек экен да, аттиӊ, дүйнө…
– Озуйпа апа, абышкаӊыз Ильяс ата менен кандайча таанышып, баш кошуп калдыӊар эле?
– Ильяс экөөбүз теӊ ушул эле Отуз-Уул айылынан болобуз. Ал армияга барып келгенден кийин баш коштук. Анда айылыбызда бир эле Таштанды деген киши шофер болуп иштечү. Ильястын Дөөтү атага, темир-тесекке жакындыгын, эки бакыр, бир тукур болуп жашаган күндөн баштап билдим. Ал совхозго шофер болуп орношту. Эки балам бирдей чарчап калгандан кийин «жер которбосоӊор болбойт» деген туугандарыбыздын кеӊеши менен Рыбачье (Балыкчы) шаарына көчүп бардык. Ильяс Рыбачьедеги автобазага шофер болуп орношту. Батирден батирге көчүп кыйналып жашадык. Кудай бизге бала да ыроолоду. Чыӊгыз Айтматовго кезиккенин кийин гана айтып берген болчу. Жолукканы чын.
– Ошондон кийин Айтматов «Делбирим» повестине каарман кылган турбайбы ээ?
–Айылыбызда чоӊ чынар терек бар. Бизден кийинки Үч-Кайнар айылынан Шаршенбек Сейдеев, Сыдык Исмаилов, Пржевальск (Каракол) шаарынан Шаршебай Шакитов дегендер келип, ошол чынар теректен жолугушканын көп эле жолу көргөм. «Эмнелерди сүйлөштүӊөр?» деп Ильястан сурасам, «Байбиче, чайыӊды кайнатып, тамагыӊды жасай бер. Чыӊгыз Айтматов менен кандайча кезиккениме кызыгып жүрүшөт. Кыязы, мен, сен жөнүндө жазышат го», — деп койчу. Анда жаш экенмин. Унчукпай тим болчумун.
– Анан? «Делбирим» повестинен өзүӊүздөрдү окудуӊуз беле?
– Кайсыл газета, журнал экени эсимде жок. «Кызыл жоолук жалжалымды» Ильяс экөөбүз талашып окуганбыз. Биздин турмуш жазылыптыр. Чыӊгыз Айтматовго абышкам өз башынан кечирген турмушун айтып берет деп ойлобоптурмун.
– Турмушуӊуздар чыгармадагыдай болду беле? Жолдошуӊуз сиздин көзүӊүзгө чөп салганы чынбы? Таарыныч, кызганыч болду беле?
– Идиш-аяк деле кагышат эмеспи. Жаштык, мастык кимдин башынан өтпөгөн дейсиӊ, кызым. «Эркекке ишенгенче, эки босогоӊо ишен!», «Эр коруган аял жакшы атка конот» деген энелерибиздин, жеӊелерибиздин айткандары мээбизге кыттай орноп калса керек. Кызганыч болсо да, сыр бербей зымпыйчубуз. Ильяс мени таарынткан жок. Көӊүлүмдү калтырган жок десем туура болбой калат го. Урушчубуз, кол көтөрчү. Чыгармадагы, кинодогу окуялар көз алдымда турат. Ичип келген күндөрү да болчу. Эки-үч күндөп келбей да калчу. «Кайда жүрөсүӊ?»,- деп тултуӊдасам, «Машинам бузулуп, Долондон өтө албай калдым»,- деп койчу. Ишенчүмүн. Бир жаш келинди үйгө ээрчитип келген күндөрүн да унутпайм. Ал бейтааныш келинге мени «таяжем болот» деп тааныштырчу. Ичим күйүп, жалын болуп өрттөнүп жатсам да, сыр билгизбей, ал келинди ары карап ыйлап, бери карап күлүп коноктоп узаткан күндөр да болгон. Экөө Фрунзеге далай жолу чогуу барышканын да билчүмүн. Темир эмесмин да, Ильясты кызганчумун, таарынчумун. Таарынып үч жолу төркүнүмө кетип да калгам. Бирок Ильясты жамандыкка кыйгым келчү эмес.
– Өз турмушуӊарды кинодон көргөндө кандай абалда болдуӊуздар эле?
– Ильяс кинону көргөндө, аябай ыйлаган. Мени «Опан» деп эркелетчү. «Опан, карачы, кино биз жашаган Рыбачье шаарынан тартылыптыр. Долондон машинам бузулуп калып, ызгаардуу бороондо ай-талаада нечен түнөбөдүм беле? Рыбачьенин таш учурган шамалын унута элексиӊби? Эртеӊ менен шамал үйлөгөн кумдан эшигибизди ача албай далай убара болчу эмес белек» деп барбалактап калчу. Ильяс ошол кинону көргөндөн кийин Чыӊгыз Айтматовго кандайча жолугуп калганын айтып берген. Экөө Нарын менен Ысык-Көлдү болуп турган эки айрылыш жолдо ашкана бар эле, ошол жерден жолугушуптур. Нарынга иш менен бара жаткан Айтматовду машинасына салып барыптыр. Чыӊгыз анын атын сурап, «Ильяс» десе, «Жакшы атыӊ бар экен» деп, Ак-Талаага чейин барарын айтыптыр. Узун жолду кыскартыш үчүн абышкам ага сырын төккөн чыгаар, Долондон машинасы бузулуп убара болгонун, менин төркүнүмө кетип калганымды айтып… Ошол учурда мен таарынып, төркүнүмө кетип калсам керек эле. Эми жазуучулар бир укканын андан ары улантып, кооздоп жаза беришет тура. Чыӊгыз Айтматовго Ильястын ошол кездеги ички өктөөсү, оор үшкүрүгү катуу таасир берсе керек. Калган окуяларды башкалардан да уккан чыгаар…
— Ошондо Ильяс ата жанындагы Чыӊгыз Айтматов экенин билбептирби?
— Жок, билбептир. «Узун бойлуу. Өзүнүн боюнча жарашыктуу пальто кийген, колунда чоӊ портфели бар ошол жолоочунун Чыӊгыз Айтматов экенин кийин билбедимби. Анык бак караган, Кыдыр даарыган киши турбайбы. Кайра бир кезиксек кана?!»,- деп калчу. Азыр Ильясым да, экөөбүздүн тагдырыбызды жазган айтылуу жазуучу да жок. Айтматов дүйнө салганда ыйладым, капа болдум. Кылымда бир жаралчу адамдын дүйнө салганы ичимди ачыштырды, азыр деле ичим ачышат.
-Тагдырыӊыздар китепке жазылып, кино тартылып, ыр чыкканына капа болгон жок белеӊиздер?
– Ильясты китепке жазган, киного тарттырган, ырга салдырган Айтматовдун арбагынан айланам. Ильяс Чыӊгыз Айтматов менен жашташ болчу. Чалымдан 78 жашында айрылдым, 2002-жылы көз жумду. Артында төрт уул, эки кызы, неберелери калды.
– Рыбачье көзүӊүзгө жакшы көрүнсө керек?
– Бишкекке же Нарынга баратканымда Рыбачье көзүмө ысык, жүрөгүмө жакын сезилет. Анткени ал жерде абышкам экөөбүздүн жаштыгыбыз калды… Экөөбүз Рыбачьеде он жылча туруп калдык.
Алик КУРМАНОВ: «Атамдын жандүйнөсү Айтматовго жакса керек»
Ильяс ата менен Озуйпа апанын баласы ата-энеси менен сыймыктанарын айтып, атасынын мүнөзүнө токтолду.
– Атам көзүндө от, жүрөгүндө жалын бар киши болчу. Сөзмөр эле. Атамдын жандүйнөсү Чыӊгыз Айтматовго жакса керек. Ошондон улам, Ильяс деген атын өзгөртпөй, башкы каарманга айлантса керек. Мурунку жазуучуларга баа берем. Ар кыл тагдырларды, кызыктуу окуяларды жазуу үчүн атайы жолго чыгып, иликтеп туруп, анан жазышкан. Жол жүрүп келатып да жөн келбей, атамдын тамырын тартып, тагдырын жазып алган Айтматовго алкыштан башка не дейбиз. «Делбирим» повестин кандайча жазганы тууралуу окуган элем. Анда көп нерсе жазылган. Кыштын аяздуу узун түнүндө атам үшүбөш үчүп «сеп» этип алганын, кызуулугу менен энем менен таарынышканын досуна айтып берсе керек. Материал чогултканда, жазуучу атамдын досунан, дегеле Долондун ашуусун ашкан айдоочулардан сурап, толуктаса керек. Атүгүл, атамдын машинасы бузулуп Долондо, ашууда түнөп калганда Чыӊгыз агай да алар менен кошо болсо керек деп ойлойм да. Ал көркөмдөлөбү же кооздолобу, айтор, чыныгы турмуштан алынган.
Маектешкен Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,
«Баягы Асаба», 2013-жыл, сентябрь, № 6
One thought on “Маек — Озуйпа КУРМАНОВА: «Абышкам Ильяс экөөбүздү китепке жазган Айтматовдон айланам»”