ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москвадан алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бугун, 14-декабрда ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 1967-жылы туулган С.Ш. издөөдө жүргөн. Ал Кыргызстандын жараны, Ош облусунун тургуну.
С.Ш. 2015-жылы шериктери менен жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, банкты ачуу шылтоосу менен акча каражатын алып, изин жашырып качып кетишкен. Алар жабырлануучуга 2 350 000 сомдук материалдык зыян келтиришкен. Учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Ички иштер органдары издөөгө алынып, башка өлкөнүн аймагында жашырынып жүргөндөрдү аныктоо жана кармоо боюнча иштерди улантып жатат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы