ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды автоунаада ташып бара жаткан адамдарды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген шектүүлөр кармалган. 1998-жылы туулган Э.Б. аттуу айдоочунун «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаа Петровка айылынан токтотулган. Анын жанында 1995-жылы туулган Т.Т. аттуу жүргүнчү болгон. Автоунаадан жүргүнчүгө таандык кол сумкадан 21,58 граммды түзгөн өзгөчө кендир жыты бар каражат табылса, айдоочуга таандык азык-түлүк салынган каптын ичинен өзгөчө кендир жыты бар 9 даана таңгакталган каражат табылган. «Гашиштин» жалпы салмагы 4 килограмм 236 граммды түзгөн. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы