Кыргызстанды 24 жыл башкарган мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин небереси Эсен Усубалиев чоң атасы колдонгон самолет менен машинанын сүрөтүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
— Турдакун Усубалиев атындагы коомдук фонддун атынан Кочкор районунун тургуну Бакай президентке Т.Усубалиевдин машинасын белекке бергени тууралуу Садыр Жапаров расмий маалымат таратканына күбө болдум. Биринчиден, бул машина Турдакун Усубалиевге таандык эмес, аны «Усубалиевдин машинасы» деп атоого да болбойт. Анткени «1970-жылдары Усубалиев айдап жүргөн» деп Жапаровго белекке берилген машина эч качан Усубалиевге байланышы болгон эмес. Ал жигитке ким бергени белгисиз жана жылдары да туура келбейт. «Газ 13 Чайка» маркасындагы машинаны чоң атам 1973-жылы колдонгон.
Экинчиден, бул жерде Т.Усубалиевдин ысымын өз кызыкчылыгына пайдаланууга же кандайдыр бир саясий максатты көздөгөн ниетин көрүүгө болот. Үчүнчүдөн, эгерде кимдир бирөө Т.Усубалиевдин тарыхый эстелигин чын жүрөктөн сактап калгысы келсе, анда ал бул машинаны тарых музейине өткөрүп бериши керек болчу, же болбосо аны Т.Усубалиевдин кичи мекени Кочкорго тарыхый экспонат катары калтырса болмок. Акырында айтаарым, адам ыңгайсыз абалга туш болбош үчүн, мамлекеттин биринчи адамына белек тапшырып жатканда сөздү туура колдонушу керек болчу.
Садыр ЖАПАРОВ: «Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм»
Кечээ, 9-февралда, “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жана президенттин басма сөз кызматында иштеп жаткан Адинай Марипова «Фейсбуктагы» баракчасына президент Садыр Жапаровдун ага белекке берилген Т.Усубалиевдин машинасы тууралуу билдирүүсүн жана белек кылган жигит менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялашкан. Анда мындай деп жазылган:
Тарыхый инсандарыбыздын өмүр жолун талаштуу маселеге айлантпайлы!
Турдакун Усубалиев Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Кочкор кыштагында 1919-жылы туулган. 96 өмүр сүргөн ардактуу аксакалыбыз 2015-жылы 6-сентябрда көз жумган.
Турдакун Усубалиев чейрек кылым — 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп, өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанып-өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу, залкар тарыхый инсаныбыз. Андыктан анын өмүр жолуна катышы бар делген жогоркудай талаштуу маселелерде абайлаганыбыз оӊ. Тактап койгонго жакындары деле бар, ал киши кызматта отурган мезгилди мыкты билген инсандарыбыз да жок эмес…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы