ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата атайын майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, атайын майрамдык иш-чара кечээ, 22-февралда, болуп өткөн. Анда кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ички иштер министринин жана полк командиринин буйруктары окулуп, сыйлыктар тапшырылган.
Ата Мекен коргоочулары күнү менен жалпы өздүк курамды полк командиринин орун басары-штаб башчысы милициянын полковниги Нурлан Камчиев куттуктаган:
“Кымбаттуу кесиптештер! 23-февраль – өз Мекенин, өз үйүн, өз ишин жана өз жакындарын, өзүнүн келечегин коргоого даяр эр жүрөк жана руху күчтүү жарандарыбыздын майрамы. Бул майрам — Мекенге берилип кызмат кылуунун символу болуп саналат. Ата-Мекенибиздин коопсуздугун сактоо — биздин кызматкерлердин, намыскөй уул – кыздарыбыздын мекенчил сезимин курчутат. Андыктан ар бирибиз Мекен коргоочунун, Мекен сакчысынын наамын бийик туталы! Биздин бир гана Мекенибиз бар, ал – бардыгыбыз үчүн ыйык жана улук Кыргызстаныбыз. Сиздерди Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм! Ушул куттуу күнү чын жүрөгүмдөн ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайм. Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч каалайм”.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы