Садыр Жапаров Владимир Путин менен эмнени сүйлөшөт?
Президент Садыр Жапаров иш сапарынын жүрүшүндө, Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, актуалдуу эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана өз ара байланышты өнүктүрүү келечегин талкуулайт. Ошондой эле президент Орусия премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Дума төрагасы Вячеслав Володин менен да жолугат.
Президенттик делегация курамы:
1. Руслан Казакбаев, Тышкы иштер министри;
2. Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин аппаратынын жетекчиси;
3. Артем Новиков, биринчи вице-премьер-министр;
4. Улукбек Кармышаков, вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри;
5. Дастан Дюшекеев, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
6. Гүлнара-Клара Самат, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
7. Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;
8. Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
9. Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;
10. Аскарбек Жаныбеков, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
11. Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри;
12. Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри;
13. Алмамбет Шыкмаматов, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
14. Кабыл Абдалиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
15. Бактыбек Кудайбергенов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.