Алай районунун тургундарына милиция кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүздү. Бул тууралуу Ош ОИИБ басма сөз кызматы бүгүн, 10-мартта билдирди.
Алардын айтымында, Алай РИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Мурзалиев, Сопу-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын ага лейтенанты У.Ыдырысов, участкалык милиция кызматкерлери, жашы жете электер менен иштеген инспекторлор жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Чоң-Каракол айылында «Бирдиктүү алдын алуу күнү» өткөрүлдү.
Алар айыл жашоочуларына жолугуп, тургундардын ой-пикир, арыз-даттанууларын угушту. Жашоочулар арзан пайыздагы насыялар, жумушсуздук, турак-жайды документтештирүү жана балдардын жөлөкпулуна документтерди тапшыруу кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтышты. Айтылган арыз-муӊдар боюнча арыз-каттар кабыл алынып, тиешелүү органдарга жиберилди. Полковник Мурзалиев айыл жашоочуларын кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, коомдук коопсуздуктуу сактоо, мал уурулуктун алдын алуу, өлкөбүздү тынчсыздандырган коронавирусту жуктуруп албоо боюнча санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы