Дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү Наманган каналынан табылды. Бул тууралуу «xabar.uz» жазып чыкты.
Облустук прокуратуранын маалыматына караганда, кыздын атасы Мамадалиев С.А. Асатуллаева М.С. аттуу кызы №47 мектепке кеткен боюнча кайрылып келбегендигин айтып, 5-апрелде Чартак райондук прокуратурасына арыз менен кайрылган.
6-апрелде «Катта Наманган» каналындагы көпүрөнүн жанынан окуучу кыздын сөөгү табылган. Кийин кызды 1999-жылы туулган жеңеси Кадыржанова Ф.К саат 10:30та мектептен алып чыгып, каналга түртүп жибергендиги аныкталган. Учурда шектүү кармалып, ага «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда дешет.
Наманган каналынын абалы…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы