Белгилүү журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболотов Баткендеги чек ара маселеси боюнча пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.
Иштебеген келишим жана гибриддик согуштун өзгөчөлүктөрү
(Бийлик органдары жана жарандык коом үчүн сунуштар)
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, аскерлерди кагылышуу болгон жерден чыгаруу жөнүндө макулдашты. Ага чейин эки өлкөнүн башка да өкүлдөрү ошондой келишим түзүшкөн. Бирок алар аткарылган жок. Тажик тарап аны бузуп жатат. Анын далилдери:
а) жетишилген макулдашууга карабастан тажик тарап аскер күчтөрүн кагылышуу болгон жерге тартып жатканын башкасы эмес, биздин Мамлекеттик чек ара кызматы өзү билдирди.
б) тажик жарандары кыргыз айылдарына кирип барып кылбаганды кылып жатканын далилдеген материалдар Интернетке ачык эле тарады. Аны жергиликтүү эл да айтып жатат. Тажик тарап өз жарандарын тыйган жок, тескерисинче көкүтүп жатат.
в) тажик аскерлери куралдын бардык түрүнөн атып жатышса да кайра жооп иретинде ок атууга буйрук берилбегени тууралуу маалыматтар түштү. Жооп иретинде да ок атууга уруксат бербеген буйрук өз аскерлерин эч кандай керексиз тобокелге салуу менен барабар.
Бул эмнени көрсөтүп турат?
I) Тажик тарап келишимдерди эч качан аткарган эмес жана өзүнө кереги жок жерде мындан ары да аткарбайт. Көзүнө такап далилдеп берсең деле эч качан моюнга албаган жагынан абдан кыйын.
II) Тажик тарап үчүн бул келишимдер убакыттан утуунун, аскерлерин ого бетер жакындатып алуунун гана жолу.
III) Тажик тарап азыркы ээлеп алган жерлерин тактикалык жана стратегиялык үстөмдүк алыш үчүн мындан ары да колдонот, бирок кыргыз тарапты келишимге такай берет.
Мындай абал кыргыз тарап үчүн үч жагынан зыян.
1) Келишим түзүлгөн күндө деле каршылаш тарап азыр ээлеп алган позицияларын көзүр кылып, сүйлөшүүдө бизге каршы иштейт.
2) Кыргыз жарандар өзүн коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, курмандыктар көбөйөт.
3) Аскерлердин арасында эч нерсе менен акталбаган жоготуулар болот.
Тажик тарап бул окуяда гибриддик согуштун элементтерин колдонууда. Анын белгилери:
1) Элге курал таратуу жана каршылаш тарапка каршы көкүтүү. Муну тажик губернаторунун куралчан адамдар менен түшкөн сүрөтү айгинелеп турат. Башка да толтура материалдар чыкты.
2) Аскер адамдарын карапайым элинин арасына киргизип, ошолордун колу менен аракет кылуу. Элдин иш-аракетин ошолор координациялайт жана башкарат.
Ушул тушта кыргыз тарап кандай аракеттерге барышы керек? Кыргыз тарап гибриддик согуштун ыкмаларын өзү активдүү колдоно башташы зарыл. Мамлекеттик түзүмдөр менен жарандык коомдун ортосунда координация болмоюнча бул согушта утуш болбойт. Анын жолдору:
а) Согуш тажрыйбасы бар жарандардын, мергенчилердин арасында мобилизация уюштуруу. Анын расмий формулировкасы согушка байланыштуу болбошу керек. Жоопкерчиликтүү тарап — президент, Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы.
б) Аскерлерге жооп иретинде мээлеп (на поражение) ок атууга уруксат берүү. Каршылаш тараптын жоготууларын эселеп көбөйтүш керек. Жоопкерчиликтүү тарап — президент, Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы.
в) Жергиликтүү элге өзүн өзү коргоо деген негизде курал алып жүрүүгө уруксат берүү. Уруксат десе аны КТРден атайын жарыялап кереги жок. Тек ички иштер органдарына элдеги куралды чогултпай, аны алып жүргөндөрдү жазалабай турууга ички инструкция берүү жана элге бул тууралуу маалымат берүү. Калганын эл өзү түшүнөт. Муну аттуу-баштуу колунда бар баткендиктер жана башка жарандар мергенчилик дүкөндөр менен келишим түзүп, курал кимдерге таратылганын тизмесин алып уюштуруп койсо болот. Гуманитардык жардамга жумшалып жаткан энергиянын бир бөлүгү ушул багытта абдан маанилүү болуп турат. Жоопкерчиликтүү тарап — меценаттар, Ички иштер министрлиги.
г) Алай, Кара-Кулжа райондорунун, балким Суусамыр элинин арасынан мергенчилер жана башка тажрыйбасы бар адамдар келип, жергиликтүү элдик өзүн өзү коргоо отряддарына жардам беришин камсыз кылуу. Эң негизгиси — ошондой жардам келсе алардын жолуна тоскоолдук кылбай, тиешелүү маалыматтык, усулдук жардам көрсөтүү. Бирок алардын колунда мамлекеттин карамагындагы табелдик курал болбошу керек. Мергенчилик куралдары болсо жетиштүү, алар аны пайдаланганды жакшы билишет. Эмне үчүн биринчи иретте ушул райондор? Биринчиден, жакын. Экинчиден бул жердин шартын жакшыраак билишет. Башка облустардан келчү жоокерлер жалпы мобилизация менен эле келген оң. Атчан келгени өзүн актабайт. Жоопкерчиликтүү тарап — жергиликтүү жамааттар, элдик кошуундар.
д) Тажик тарапка барчу азык-түлүк, күйүүчү май жана башка зарыл нерселерди өткөрбөш үчүш тиешелүү жерлерде элдик кошуундарды уюштуруу. Жоопкерчиликтүү тарап — Ички иштер министрлиги, жергиликтүү кошуундар.
е) Кыргыз аскерлерине дрон саткан дүкөндөрдөн дрон сатып алып берип, визуалдык чалгын иштерине жардам берүү. Жоопкерчиликтүү тараптар — меценаттык топтор, Коргоо министрлиги.
ж) Тажик тараптын Интернетине жана мобилдик байланыш каражаттарына Кыргызстан жактан бөгөт коюу. Тажик тараптын сайттарына хакерлик чабуулдарды жана маалыматтык диверсияларды уюштуруу. Жоопкерчиликтүү тарап — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Байланыш боюнча мамлекеттик комитет, уюк байланыш операторлору, санарип технологиялары жана маалымат технологиялары боюнча адистер. Бул топтун иши жашыруун болууга тийиш.
з) Тажик тараптын (аскерлеринин, элдик кошуундарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана дипломатиясынын) аракеттерин бирдиктүү негизде талдап, Башкы штабга зарыл чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгып даярдоо боюнча атайын топ түзүү. Анын форматы толук жабык болууга тийиш, курамына кабыл алынуучу адамдар буга чейинки иштери, биографиясы, башка өлкөлөр менен байланыштары жагынан толук текшерилиши керек.
Жоопкерчиликтүү тарап — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институт, Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын тиешелүү түзүмдөрү.
Кырдаалга жараша талдана турган жагдайлар да өзгөрүп турмакчы.
Эске сала кетсек, 28-апрелде Ыйык Рамазан айында кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптын кол салуусунан абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон. 29-30-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланган.
Соңку расмий маалыматка караганда, мекендештерибиздин арасында каза болгондордун саны 36га жетип, 189 жараныбыз ар кандай жарааттарды алышкан. Эӊ кейиштүүсү, тажик аскерлеринин аткылоосунан Лейлектин кичинекей тургуну, 12 жаштагы окуучу кыз Мадина Рахматжанова миномет огунун чачырандысы тийип, Арка айылында тажик тарап ок атканда айылдан канал кечип качып чыгышкан жергиликтүү тургундардын арасында 5 жашар Абидин Турсунбаев деген бөбөк ошол каналдагы сууга агып кетип каза болду…
Президенттин Жарлыгына ылайык, 1-2-май күн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
«Алакан” сайтынын эмгек жамааты чек арадагы чырдан улам курман болгондорго терең кайгыруу менен жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.