Бүгүн, 30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары ишин аяктап, эки айга каникулга тарады. Бүгүнкү жыйында ооруканада дарыланып жаткан спикер Талант Мамытовдун кайрылуусун вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев окуду. Ал кайрылууда парламент бир нече маанилүү мыйзамдарды кабыл алынганы жазылган. 131 мыйзам, 615 токтом кабыл алынып, 22 депутаттык комиссия иштегени айтылды.
Регламентке ылайык, депутаттар 1-сентябрга чейин эс алышат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы