Эки айга камалган Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулду

Эки айга камалган Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулду

«Кумтөр иши» боюнча эки айга камалган мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайыр Сарпашев бошотулду.

Эске сала кетсек, Т. Сарпашев 17-июнда Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу боюнча кылмышка шектүү делип кармалган. Анын бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») беренеси коюлуп, эки айга камакка алынган. 29-июнда бөгөт чарасы өзгөртүлүп, тергөө бүткүчө жашаган жеринен башка жакка кетпөө шарты менен бошотулду.

Тайырбек Сарпашев — 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоону жетектеген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.