Спикер Талант Мамытовдун абалы туруктуу

Спикер Талант Мамытовдун абалы туруктуу

Спикер Талант Мамытов президенттин иш башкармалыгынын ооруканасында дарыланып жатканы тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кечээ кечинде билдирди.

Алардын айтымында, ал буга чейин үйдөн дарыланып жаткан. Абалы начарлап кеткендиктен ооруканага жеткирилген. Учурда абалы туруктуу.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкеринен коронавирус аныкталган. Ошондон улам 36 кызматкер аралыктан иштөө режимине өткөрүлдү.

МИНИСТРЛИК: «Коронавирустун 1965 учуру катталып, 8 киши каза болду»

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрликтин бүгүнкү 30-июнга карата маалыматына караганда, өлкөдө бир суткада коронавирустун 1965 учуру катталып, 8 киши каза болгон. Бир суткада 571 киши айыкты. Жалпы саны 125 миң 003 жетти.

Өткөн суткада COVID- 19 дан 8 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 2 миңге жетти .

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.