Президент Садыр Жапаров Тажикстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталып, Бишкекке келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Душанбе шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Андан тышкары Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
Аягында Садыр Жапаров меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эмомали Рахмонду расмий иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды. Иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.
А чек ара маселесичи?..
Кыргызстандын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашып, эки тараптуу мамилелердеги башкы маселе — мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо, демаркациялоо менен байланыштуу экенине басым жасашкан.
Тараптар бардык чек ара маселелерин чечүү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.
Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен 28-июнда барган. 29-июнда өлкө башчылары көзмө-көз, тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматтагы жолугушууда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сөз кылышты.
Бул эки өлкөнүн 55 жаранынын өмүрүн алган апрель айындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан берки алгачкы жогорку саясий жолугушуу. Ошондой эле, Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин мамлекет башчысы болгон Садыр Жапаров президент катары Эмомали Рахмон менен биринчи ирет кездешти.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы