Бир катар документтерге кол коюлду. Арасында чек ара маселеси барбы?

Бир катар документтерге кол коюлду. Арасында чек ара маселеси барбы?

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталып, Бишкекке келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Душанбе шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Андан тышкары Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  2. Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  3. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  4. «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.

Аягында Садыр Жапаров меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эмомали Рахмонду расмий иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды. Иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.

А чек ара маселесичи?..

Кыргызстандын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашып, эки тараптуу мамилелердеги башкы маселе — мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо, демаркациялоо менен байланыштуу экенине басым жасашкан.

«Бул маселенин көп жылдан бери токтоп тургандыгы эки тарапты тең тез арада өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу зарылдыгына ынандырат», — деген Эмомали Рахмон. Анын айтымында, чек арадагы акыркы окуя тараптардын чек ара маселелерин трансулуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен сүйлөшүүлөр жолу менен гана ырааттуу чечиши керектигин ачык көрсөттү.
Ал эми Садыр Жапаров: «Биз ар дайым кыргыз-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү, өз ара пайдалуу көп кырдуу кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле Тажикстан менен ынак коңшулук мамилелерди жана тең укуктуу өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын узак мөөнөттүү приоритеттерине дал келерин билдирип келдик. Бул айтылгандар бүгүнкү күндө дагы актуалдуу. Анын үстүнө, тараптар каалабаган жаңжалды баштан кечиришти, ал эки тарапка тең кайгы, зыян алып келди. Бул кырдаалды эки элдин бакубатчылыгы үчүн чечүүгө акылыбыз жетет деп ишенем», — деген.
Ошондой эле ал эки өлкөнүн, өзгөчө, чек ара райондорунун элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, чек ара райондорундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди улантуунун, улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн бир туугандык мамилелер жөнүндө макулдашууларды, ошондой эле Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы кызматташтык планын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу маанилүү экенине көңүл бурган.

Тараптар бардык чек ара маселелерин чечүү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен 28-июнда барган. 29-июнда өлкө башчылары көзмө-көз, тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматтагы жолугушууда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сөз кылышты.

Бул эки өлкөнүн 55 жаранынын өмүрүн алган апрель айындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан берки алгачкы жогорку саясий жолугушуу. Ошондой эле, Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин мамлекет башчысы болгон Садыр Жапаров президент катары Эмомали Рахмон менен биринчи ирет кездешти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.