Б.у.Ш. аттуу адам диний-экстремисттик уюмдан чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Нарын облусундагы Кочкор районунда диний-экстремисттик , террордук уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Иш-чаранын алкагында, Б.у.Ш. аттуу адам тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмуна тиешеси бар экендиги аныкталган.Ал жаңылыштыгын мойнуна алып, диний уюмунан чыкты.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы