Бүгүн, 28-июлда, 78 жаштагы белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмер Үсөн Сыдыков Бишкекте көз жумду. Алдын ала маалыматка караганда, ал узакка созулган оорудан улам көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртеӊ, 29-июлда, саат 10до, Опера жана балет театрынын алдында өтөт.
Үсөн Сыдыков Ош облусундагы Ленин районуна караштуу Хиля айылында 1943-жылы 15-мартта туулган. «Жаңы Кыргызстан» партиясын жетектеген. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2004-жылы «Кыргызстан элдик кыймылынын» аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары, андагы президент Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.
«Ош окуясына тиешеси бар» деп аты аталып, аудио тарап чыр болгон. Бирок өзү мындай маалыматты четке кагып келген. 2010-жылы, 14-майда түштүктө контрреволюциялык аракеттерди уюштурууга шектелип, камалып, 2-июлда үй камагына чыгарылган.
«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы жетекчиси Бактыбек Сыдыковдун атасы.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы