«Кумтөр» маселеси боюнча мурдагы премьер-министрлер Игорь Чудинов менен Темир Сариев май айында эле суракка алынганы буга чейин айтылды, жазылды. Бирок, анда аныгы билинбей, Темир Сариев камалды, камалган жок деген сөздөр жүрүп тим болгон. Кечээ, 3-августта, акыры УКМК Темир Сариевди 48 саатка камакка алганы маалым болду.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Темир Сариевге кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан деген айып тагылган. УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча: «Тергөөнүн жүрүшүндө, Темир Сариев экономика министри болуп турган убакта, тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды« дейт…
Эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Темир Аргенбаевичке карата козголгон иш боюнча анын баш коргоо чарасын аныктоо маселесин ал киши кармалган кечээги күн эсепке кирген 48 саат ичинде карайт…
Белгилей кетсек, Темир Сариев «Кумтөрдөгү» жагдайды текшерүү боюнча сегиз-тогуз жыл мурда түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.
ТАРАПТАШТАР: «Темир Сариевдин камакка алынышы абсурд!»
Анткен менен Темир Аргембаевичтин тарапташтары, санаалаштары, жакындары анын актыгын, тактыгын айтып, жеке жүйө-далилдерин келтирип социалдык тармактарга төмөндөгүдөй бир катар комментарийлерди калтырышкан. Анда четинен таанышалы…
Камила Талиева, коомдук ишмер:
— Темир Аргенбаевич «Кумтөр» маселесинде мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп гана иштеп, иликтеп берди. Тиешеси барлар Аскар Акаев баш болгон “үлкөндөр” бул ишке жооп бериш керек эле. Темир Аргембаевичти камаганга негиз жок болсо керек, эми күчтүү адвокаттарды тартуу керек!
Искен Афиджанов, адвокат:
Чолпон ЖАКУПОВА: «УКМКнын басма сөз кызматы бурмаланган маалымат таратууда…»
Эске сала кетсек, май айынан бери саясатта мурунку, азыркы үлкөн адамдарга иш козголуп, камалып, бошотулуп — кызык иштер болуп келатат. Алардын кай бирине «Кумтөр», кай бирине «коррупция», «мыйзамсыз баюу» айыптары тагылган. Маселен, мурдагы спикер, депутат Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмаз Батырбеков, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев жана өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошева кармалып, Узакбаев менен Батырбеков тергөө менен кызматташуу келишимине ылайык үй камагына, Молдошева тилкат менен бошотулган. Июлдун аягында Бабанов да чет өлкөдө дарылануу үчүн камактан чыгарылды. Калгандарынын баары дале камакта.
Баса, «Кумтөр» боюнча экс-президент Аскар Акаев 16 жылдан кийин Кыргызстанга келип, сурак берүүдө… Ошол сурактардын тиешеси барбы же жокпу, же кокустуктан дал келүүбү, айтор, ошол сурактардан кийинки камалгандардын биринчиси Темир Сариев болду…
Балким, кийинки камалчулар да бардыр, кимдер, жакын арада билинип калар…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы