МАЕК — Сатымкул ЖУМАНАЗАРОВ: «Менин милдетим — Мосеев менен Пензиндин жеӊиши үчүн шарт түзүп берүү эле»

МАЕК — Сатымкул ЖУМАНАЗАРОВ: «Менин милдетим — Мосеев менен Пензиндин жеӊиши үчүн шарт түзүп берүү эле»

Токидогу Олимпиадада жөө күлүгүбүз Дарья Маслова бүгүн таң атпай саат 4.00до стартка чыгып, 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 27 секундада чуркап өтүп, марага 36-чы болуп келди. Ага чейин, 3-августта, 21 жаштагы жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков 5000 метрге чуркап, 14 мүнөт 7 секундада марага келип, өз бөлүгүндө 18-орунду ээлеген болчу

Жөө күлүктөр тууралуу сөз болгондо эле Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан СССР спортунун эл аралык даражадагы чебери, 2007-жылы 56 жашында кырсыктан каза болуп калган маркум жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров эске түшөт. Анын рекорду Кыргызстанда жаңылана элек. Ал СССР убагында, 1980-жылы 1-августта Москвада өткөн XXII Жайкы Олимпиадага катышып, коло медаль тагынган. Асыл агабыз ошондогу жеңиши, андагы спорттогу бир жактуу саясатты ачыктап айтып берди эле…

Архивдеги ошол маегин берип турган учурубуз…

Архив…

Сатымкул ЖУМАНАЗАРОВ: «Жолдошторум 40 километрге келгенде чарчап калып, мени «алга» дешти»

— Сатымкул ага, марафон чуркоодо олимпиаданын коло медалын алып совет спортунун тарыхында калдыӊыз, ал эми Кыргызстанда болсо, эл оозунда «жөө күлүк» аталып келесиз. Күйөрмандарыӊыз «орустар артка тартпаса, алтын медалга жетмек» деп алигүнчө айтып жүрүшөт…

— Ал убакта СССРге баш ийгендиктен, «Олимпиадада орустар биринчи орунду алышы керек!» деген сөз болгону чындык. 80-жылдагы Москвадагы Олимпиада оюндарына 43 мамлекеттин спортчулары катышкан. СССРдин намысын коргоп Фрунзеден үчөөбүз: мен, Леонид Мосеев, Владимир Котов барып, марафондо 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркаганбыз. Бир командада болгондон кийин бири-бириӊди сүйөп- таяп жардам берериӊ анык. Жолдошторум 40 километрге келгенде чарчап калып, мени «алга» дешкен. Биринчи немец, экинчи голландиялык жигит, анан мен 2 саат 11 мүнөт 16 секундда келген элем.

— Мүмкүн аларга жардам кылбасаӊыз, биринчи келмектирсиз…

1978-жылы Прагада өткөн Европанын биринчилигинде жолдошум Леонид Мосеевге жардам кылбасам чемпион болмокмун го. Мен аны сыйлагандыктан, ага улам суу ташып жардам бергеним чын. Анын үстүнө команданын кызыкчылыгы үчүн алдыга тактикалык тапшырма коюлган. Менин милдетим – Леонид Мосеев менен Николай Пензиндин жеӊиши үчүн шарт түзүп берүү эле. Ошондо биринчи Мосеев, экинчи мен келгем. Жеӊишке ээ болгон Мосеев: «Сатымкул чыныгы жолдош экен. Эгерде чемпиондук алтын медалды теӊ бөлүүгө мүмкүн болгондо мен анын жарымын ага бермекмин» деп ыраазычылыгын билдирген.

— Дегеле спорттук чыйырыӊыз канча жашыӊызда башталды эле? Машыктыруучуӊуз ким болгон?

— Мен 8-классты аяктагандан кийин Талас шаарындагы №6 кесиптик-техникалык окуу жайга тапшыргам. Спортко кызыгуум ошол жерден башталган. Агезде жетекчилер спортко жакшы көӊүл бөлөөр эле. Райондук, облустук, республикалык мелдештерге катышып жүрүп, ССРдин эмгек сиӊирген машыктыруучусу Виктор Борисов менен таанышып, барып калгам. Ал: «Сатымкул, сенден бир нерсе чыгат» деп мага план жазып берген. Насаатчымдын планы менен иштеп ийгиликке жеттим. Олимпиадага жөнөөрдүн алдында ал: «Сатымкул медаль үчүн чуркоого даяр» деп көп нерседен үмүттөндүргөндө, «Мекенимди, жердештеримди Олимпиадалык медаль менен кубантууга аракеттенем» деп убада бергеним эсимде.

— Ар бир мелдеште кандай максатты көздөчү элеӊиз?

— (Күлүп) Негизи менин максатым шаар көрүү эле болчу. Мынчалык болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Көп эле мелдешке катышып, биринчи орундан төртүнчү орунга чейин ээ болуп жүрдүм.

— Марафончу катары калыптанууӊуз кайсы жылдан башталган?

— 1976-жылдан башталган. Ошол жылы Польшанын Дебно шаарында марафон боюнча өткөн эл аралык мелдешке катышып, 4-орунга ээ болгом. Жылдан жылга калыптанып отуруп, төрт континентте болдум.

— Дүйнөнүн төрт бурчунда болупсуз, кызыктуу окуяга кабылсаӊыз керек?

— 1978-жылы Американын Калифорния штатында өткөн марафондо кызык окуяга кабылгам. Бир америкалык жигит «СССРдин спортсмени экинчи орунга ээ болот» деп 10000 долларга шериги менен мелдешет. Анын айтканы туура чыгып калат. Сүйүнгөнүнөн мага кездешкени келет. Өзүнүн тилинче сүйлөп, кайра-кайра мени кучактап, көп доллар сунса чочуп кеткем. Анын тилине түшүнбөсөм да, ал бир нерсеге кубанып жатканын жүзүнөн байкап турдум. Котормочулар которуп бергенден кийин гана түшүндүм. Көрсө, алардын шарты боюнча, утуп алган адам акчанын 30 пайызын жеӊүүчүгө берет экен. Ал менин үлүшүмдү бергени келиптир. Аны мен албай койгом.

— Албай койгонуӊузга кийин өкүнгөн жок белеӊиз?

— Жок, өкүнбөйм. Жарыктык таянем: «Өткөнгө эч качан өкүнбө! Бирөөгө милдет кылып жашаба!» деп көп айтаар эле. Ошол сөзүн ушул убакка чейин бек кармап келем…

— Олимпиададагы ийгилигиӊизди өкмөт кандай баалады эле?

— Төрт бөлмөлүү квартира берген. Ал эми өз алдыбызча мамлекет болгондо «Даӊк» медалы менен сыйлангам.

— Сиздей спорстмен болсун деп ырымдап бирөө жарым үйүнө чакырды беле?

— Менин ийгилигимди куттуктап үйүнө чакырып, кадырлуу конок кылган Мукаш Алмакүчүков болгон. Анда ал Ысык-Көл райисполкомдун жетекчиси эле. Ошондо чай ичкен чынымды алып: «Ушул чыны менен менин уулум чай ичип, келечекте сендей спортсмен болсун» деп ырымдап катып койгону эсимде. «Жакшы тилек — жарым ырыс» дегендей, ойлогон ою ишке ашып, баласы Өкмөтбек Алмакүчүков бүгүнкү күндө Спорт комитетинин төрагасы болуп олтурат.

— Ырым-жырымга ишенет экенсиз да?

— Албетте, илгертен ата-бабадан бери келаткан ырым-жырымга ишенем. Бирок, «Жолдо баратканда алдыӊдан кара мышык өтүп кетсе жолуӊ болбойт!» дегенге ишенбейм. Оюӊа эч нерсе албасаӊ эле баары жакшы болот деп ойлойм.

— А өзүӊүз ырымдап балдарыӊыздын атын койдуӊуз беле?

— Ооба, ысым коюуда… Кичүү кызымдын атын Жамила деп Медеткан Шеримкулов койгон. Асел менен Каныбектин ысымын өзүм койгом. «Каныбек Осмоналиевдей болсун» деген жакшы тилек менен койгом. Анын сыӊарындай, балам спортко кызыгып, күрөшкө катышып жүрдү. Эки-үч жылдан бери ден соолугуна байланыштуу токтотуп койду.

— Азыр эмне иш кылып жатасыз?

— Ысык-Көлдөгү Кажысай шаарчасында спорт базасы бар. Базанын директорумун. Андан тышкары, Бишкекте жаш өспүрүмдөр фонду SOS бар. Жаштарга план жазып берип,  машыктыруудамын.

— План жазып берген балдарыӊыздын кимиси кандай ийгиликке жетти?

— Кайсы бир жылы Токтогулдан мектеп окуучулары мага келип, чуркоо боюнча план жаздырып кетишкен. Кийин алардын бирөөсү менен көчөдөн жолугуп калгам. Ортодо үй-бүлөмдү багам деп таксист болуп да иштеп калгам. Ошондо бирөөнү жеткирип баратсам, МАИ кызматкери тосуп калды. Документимди сунсам эле ал: «Сатымкул байке. кандайсыз? Баягы сиз жазып берген план менен даярданып жүргөн 8 бала Дене тарбия институтуна өттү. «Кыргыздын балдары таланттуу болот» дебедиӊиз беле. Анын сыӊарындай, айылдагы өспүрүмдөрдү кыдырбайсызбы. Жок дегенде мендей МАИ кызматкери болуп чыгат»,- деп ыраазычылыгын билдирген. Мен го аны тааныбай калыпмын. Ал мени таанып учурашып койгонуна ичип жылып калган. Чынында эле айыл жерине дене тарбиясынан бергенге жогорку окуу жайын бүтүргөн мугалим жетишпейт. Өзүмдүн эле айылымды айтсам, дене тарбия сабагынан тракторист бала берет экен. Ушундай көрүнүштөргө зээним кейип кетет. Айылды кыдырсам деген тилек бар. Бирок акча жагы кендирди кесип келет…

— Эртеӊ мененкисин чуркап жатасызбы?

— Ооба чуркайм. Азыр орозо кармап жатканыма байланыштуу убактылуу токтотуп койдум. Жубайым экөөбүз 8 жылдан бери орозо кармап келатабыз. Намазга жыгылганыма төрт жылдын жүзү болуп калды.

— Жеӊебиз кайда иштейт?

— Сүйүн кесиби менен иштечү. Кийин балдар менен үйдө отуруп калды.

— Кайсы жылы, кандай жагдайда таанышып калдыӊыздар эле?

— 1973-жылы таанышкам. Анда Сүйүн Каракол шаарындагы пединститутта физика жана математика факультетинде окучу. Экөөбүз бир жыл сүйлөштүк. 1974-жылы баш кошуп, үч уул, эки кыздын ата-энеси болдук. Жубайым жолугушчу жерге күттүрбөй өз убактысы менен келчү. Ошондогу тактыгы ушул убакка чейин бар. Ал Ак-Сай айылынан болот. Мен болсо, Талас облусуна караштуу Манас районунун Көк-Дөбө айылынанмын. Төрт бир туугандын улуусумун. 1951-жылы 17-сентябрда туулгам. Жубайым болсо 16-сентябрда төрөлгөн. Жылда чогуу белгилейбиз.

Жеӊебиздин кайсы сапаты жагат жана кайсы сапатыӊыз өзүӊүзгө жакпайт?

— «Ак көӊүлдүн аты арыбайт, арыса да өзү жарыбайт» дегендей, өтө эле ак көӊүлмүн. Ушул сапатым өзүмө жакпайт. Ал эми жеӊеӊер калп сүйлөбөйт, сезгич, жароокер, оор басырыктуу. Жаркылдаган жарым менин көп ийгилигиме жардам кылды.

— «Таластыкмын» дегениӊизден улам, «кушчу, саруу» болуп бөлүнүү күч алып баратканы эске түшүп кетти. Буга кандай көз караштасыз?

— Биздин убакта мындай бөлүнүп-жарынуу деген жок эле. «Жогору жактын, ылдый жактын жигиттери» деп сүйлөчүбүз. Буга мен ыр менен жооп берээр элем:

«Ак калпактуу кыргызды алтыга бөлүп сүйлөйсүӊ,

Көө толтуруп оозуӊа көрүнгөнгө үйлөйсүӊ.

Антпесеӊ ичиӊ ооруйбу? Атпесеӊ ажал тооруйбу?»

— Ыр жазасызбы?

— Бош отурганда анча-мынча жазып коем

— Дагы кандай өнөрүӊүз бар?

— Комуз чертем. Жарыктык атам жакшы чертчү. «Чоӊ атаӊ чоӊ комузчу болгон» деп айтып калаар эле. Бул өнөр тукумубузда бар болгондуктанбы, айтор, өз алдымча эле үйрөнүп алгам. Комузга салып Атай Огомбаевдин ырларын ырдайм.

— Уул үйлөнтүп, кыз узатып калсаӊыздар керек?

— Экинчи уулум Руслан үйлөнгөн. Улуу балам үйлөнө элек. Жашы 29га келип калды. Кыз тандап калды окшойт. Бирөөгө бактыны эрте, бирөөгө кеч берет турбайбы. А кызым болсо, өтө эле жаш турмушка чыгып кетти. Барган жерден бак берсин дейсиӊ, бирок, ичиӊ ачышат экен.

— Кыз узатып, кыздуу болгон турбайсыздарбы. Келиниӊиздер кандай чыкты?

— Өз кызыбыздай кабыл алдык. Жердиги Ысык-Көл. Абдан ыймандуу болгондуктан биз ага талап деле койгон эмеспиз. Жоолугу башынан түшпөй, эртеӊ менен эрте туруп, тамак кылып, биз уруксат бергенче жүгүнүп жүрдү. Анара, Жанара аттуу эгиздүү болгондо жубайым экөөбүз кубанып, «мындан кийин жоолук салынбай эле кой» деп уруксат бергенбиз.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс» гезити, 2004-жыл

Виктор БОРИСОВ: «Сатымкул өжөр болчу, оорчулуктардан коркчу эмес»

Сатымкул Жуманазаровдун биринчи машыктыруусу маркум Виктор Борисов:

Жуманазаров менен 1969-жылы, 18 жашында таанышкам. Орусча жакшы сүйлөй албай, иштешкенине оӊой деп башка машыктыруучуга жөнөттүм. Эки күндөн кийин кайтып келип, менде гана машыгам деп туруп алды. Ага убакыт бөлгөнгө чамам жок болчу. Бир айга машыгуулар программасын түзүп бердим, ал Таласка кетти. Бир айдан кийин баарын аткардым деп келди. Алдап жаткан жокпу деген ой кетти. Жок, аткарыптыр, анан аны сборлорго алып кете баштадым. Өжөр болчу, оорчулуктардан коркчу эмес, мени жарым сөздөн түшүнчү. Машыктыруучу айттыбы – демек, аткарыш керек! Бул жагынан аны менен иштеш абдан жеӊил болду. 1971-жылы 10 миӊ метр аралыкта жаштар арасында өлкө чемпиону болду, анан – спорт чебери. 1975-жылы биз аны Союздун курамасына коштук, бир жылдан кийин аз-аз жерден Олимпиада оюндарына өтпөй калды. Оорудан улам болбой калды – тандоо мелдешинде төртүнчү болуп калды, өтүш үчүн үчтүктө болуш керек болчу. 1976-жылдын этегинде марафондук чуркоо боюнча СССР курамынын улук машыктыруучусу болуп калдым. Олимпиада оюндары-1980ге даярдык концепциясын сунуштап, жеӊүүчүлөрдөн болобуз дедим. СССР споркомитетинин жетекчилиги «кайдан, союз марафончулары  21 жылдан бери Европа чемпионаттарында медаль алалбай келишет» деп мыйыгынан күлгөн болушту. Прагада 1978-жылы өткөн Европа чемпионатында эки сыйлык алдык: Леонид Мосеев – алтын, Николай Пензин – күмүш! Москва Олимпиадасында беш мыктынын ичине биздин үч марафончубуз кирди. Леонид Мосеев — бешинчи, Владимир Котов – төртүнчү, Жуманазаров үчүнчү болду. Анын жыйынтыгы азыркы күндүн ченеминде да мыкты – 2 саат 11 мүнөт 16 секунд. Ошондон кийин постсоветтик мейкиндикте бир дагы марафончу Олимпиада оюндарынын жеӊүүчүлөр секичесине чыккан жок. Сатымкул менен 1980-жылдын ортосуна чейин гана иштештик… (24.kg, 2017-ж. 25-февраль)

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.