КАСАБОЛОТ: «Токтогазиевди «таз шаулин», Текебаевди «теке» дегендердин бири да калбай жоопко тартылуусу керек!»

КАСАБОЛОТ: «Токтогазиевди «таз шаулин», Текебаевди «теке» дегендердин бири да калбай жоопко тартылуусу керек!»
Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга 23-августта кол койгон. Президенттин, депутаттардын мындай кадамы социалдык тармактарда кызуу талкууда…
Түркияда убактылуу жашап, иштеп жаткан белгилүү журналист, акын, котормочу, аналитик Жыргалбек Касаболот «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу пикирин билдирди. Ал «Саясатчылар өз колун өзү кесе алабы?» деп аталат.
— Президент Садыр Жапаров «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул мыйзамдын тегерегинде мурун далай талаш-тартыштар болуп, тараптар бирин бири айыптоого чейин барган эле. Мыйзамдын демилгечилери өз сунушун коомду фейк маалыматтардан коргоо мүдөөсү менен түшүндүрсө, алардын оппоненттери бул мыйзам бийликке каяша айткандарга каршы гана иштей турганын айтып жатышат.
Албетте, фейк маалыматтарга, Интернеттеги ит адаттарга акыл-эси жайындагы адамдардын баары эле каршы болсо керек. Айрыкча акыркы убакта троллдор Интернетти биттей басып, далайларынын башын айлантып, башкаларын иттей талап, коомчулукту кыйла жүдөткөнү да эч кимге жашыруун эмес. Соцтармактарда оппонентинин жеке керт башына асылуу, кемсинтүү, адамдык намысына шек келтирүү сыяктуу көрүнүштөр четтен табылат. Андыктан бул мыйзам баарына тегиз иштесе аны колдоо зарыл. Өз оюн өз атынан ачык айтып, келтирген жүйөлөрүн эч ким тана албай турган фактылар менен бекемдеп, эч кимди жекече кемсинтпестен маселе кое билген адамдардын бул мыйзамдан корко турган жайы жок.
Бирок чындап келсе эгер бул мыйзамдын үч талуу жери бар.
Биринчиси – эгер жакшылап иштесе ал көбүнчө азыркы бийликтин тарапташтарына каршы натыйжа бериши мүмкүн. Кыргызда «өзүң кылган иш өз башыңа муш» деп коет. Анткени эгерде ар-намыска шек келтирүүнү тыялы десек бийлик өкүлдөрүн коргош үчүн башкалардын баарын сөгүп-кагып, кордогон, калпты чындай айткан колдонуучулардын баары соттолушу керек. Тилек Токтогазиевди «таз шаулин» дегендерден тартып Текебаевди «сасыган теке» деп акаарат келтиргендерге чейин бири калбай жоопко тартылууга тийиш. Элдин таламын талашып чындыкты айткан кыз-келиндердин аялдык ариетине асылгандардын бири калбай жазаланышы зарыл. Эч кандай далили жок туруп Али Токтакуновду «Атамбаевден акча алдың» деп омуроологондор да, «теңирчилер өлүктү ит-кушка жедирет экен» деген дин аалымдары да жалган маалымат таратканы үчүн соттолушу абзел.
Троллдор армиясын жөнөкөй адамдар эмес, саясатчылар иштетээрин, анын көбү бийликке барарын «Азаттыктагы» далай иликтөөлөр көрсөткөн. Демек бул мыйзам иштесе ошол троллдордун баарын жок кылып, ашкерелеп, жок эле дегенде УКМК алардын ар бирин эл алдында шөмтүрөтүп гана кечирим суратышы талап кылынат. Каршы эмеспиз. Бийлик ошого бара алабы? Өз колун өзү кесеби?
Жок, бийликтин жактоочуларына каршы иштебей эле ага каяша айткандарга гана каршы иштесе, тегиз колдонулбаса — анда бул мыйзам туруктуулукка салым кошпойт жана ансыз да чыңалып турган нааразылыкты ого бетер күчөтөт.
Экинчи талуу жери – жалган маалымат деп эмне эсептелгенинде. Эгерде чындык деп мамлекеттик органдардын расмий маалыматын гана эсептесек, анда туура эмес. Мамлекеттик органдар, мамлекеттен акча алган субъектилер калп маалымат берген, бербей койгон, бурмалаган учурлар толтура. Соттун чечимдери да чындыктын чен-өлчөмү боло албайт, анткени ак жеринен соттолуп кеткен мекендештерибиз четтен табылат. Былтыркы окуялар үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликте, Жеңиш Молдакматов менен Тилекмат Күрөңов камакта отурат. Мындай кош стандарттуу чечим чыгарган сот системасы бул мыйзамдын калыс аткарылышын камсыз кылып берерине эч кандай кепилдик жок.
Эгерде бийлик башындагылардын алар бийликке келе электе тигил же бул кылмыш үчүн айыпталган балдары же жакын туугандары так өздөрүнүн тушунда соттолуп, өкүм чыгып, реалдуу түрмөдө отурса ишенет элек. Азыр ишенүүгө негиз жок.
Үчүнчү талуу жери – аткаруу механизми. Эгерде жалган маалымат таратканы же кимдир-бирөөнү кемсинткени үчүн жарандардын баары бирин бири сотко бере баштаса соттор калыс иштеген күндө да жалаң ушундай иштерден башы чыкпай калат. Муну аткарыш үчүн өтө чоң ресурс, күч, аракет талап кылынат.
«Ит өзүнүн ит экенин билсе уялганынан үрбөй койбойт беле?» деп ыраматылык жездем көп айтчу эле. Түшүнгөн кишиге бул өтө терең сөз. Айрым адамдардын адебин, баам-парасатын, абийири менен уятын оңдош мүмкүн эмес. Андай адамдарды жазаласаң эмнеге жазаланып жатканын деле түшүнбөйт. Андыктан бийлик өкүлдөрү өзү калыстыктын үлгүсүн көрсөтпөсө, троллдорду жумшаган саясатчылар өздөрү оң жолго түшпөсө бул мыйзам жакшы натыйжа бериши күмөн.
Маселени чечүүнүн бир жолун өткөндө айттык (төмөндө: «Саясий сабаттуулуктун баштапкы талаптары»). Жалпы элдин медиа сабаттуулугун арттыруу, элди ак-караны ажыратууга үйрөтүү — бир эсе кечиктирилгис, бир эсе көп жылдарды талап кылган, такай жасала турган иш. Экинчи жолу – ушул эле мыйзамды башкача иштеп чыгып, троллдордун эмес, аларды саясий максатка пайдаланыш үчүн уюштургандардын жоопкерчилигин абдан катуу күчөтүү зарыл. Чындап келсе троллдордун көбү – кечээки эле ОБОНдор (Отряд баб особого назначения), болгону колуна телефон тийип, көчөгө чыкпай үйдөн иштеп калган. Азыркы заманда акча төлөбөсө эч ким бирөө үчүн жаманатты болгусу келбейт. Демек, аткаруучуларына караганда башчыларын, администраторлорун, аларга акча төлөп бергендерди жазага тартуу абдан маанилүү. Бирок эгерде аны ишке ашырса азыркы өтө чоң саясатчылардын өз башына тийип калышы мүмкүн.
Антсе да бийликтин адилеттигинин, чынчылдыгынын көрсөткүчү катары да, келечекте түзөтүүлөрү менен иштей турган кошумча механизм катары да бул мыйзам керек. Ал тургай жарандык коом, таландыга көп калган активисттер жана башкалар аны саясатчылардын уюштурган тролль армияларына, саясатчылардын өздөрүнө каршы пайдаланууга биринчи иретте киришкени оң. Мындайда ким биринчи аракеттенсе ошол көбүрөөк ута тургандай шарт түзүлгөн. Эгерде сот кабыл албай койсо, иш козголбосо, жыйынтык чыкпаса аны да элге жеткирип айтып туруу зарыл. Ошондо бул мыйзамдын чыныгы максаты ашкере болот. Бийлик аны биринчи иретте өз тарапташтарына каршы колдонгонун, алардын саясий маданиятын көтөрүүгө аракет кылганын чындап далилдей алса – өзүнө элек жакшы. Жалаң өз каршылаштарына колдонсо – өзүнүн эле аброюна жаман.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ

Ак үйдүн айтымында…

Ошентип көптөн бери талаш-тартыш болуп келаткан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Бул маалымат Президенттин сайтына 23-августта жарыяланган. Анда: “Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат. Муну менен мыйзам интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт”, — деп жазылган.

Мыйзамчылар өздөрү мыйзамды буздубу?

Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында өтпөй калган «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору 28-июлда, кайрадан добушка коюлуп, колдоо тапкан. Демилгечи депутаттар — Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева. Экөө алгач демилгелеп чыкканда эле коомчулук реакция кылып, социалдык тармактарда чуу жараткан болчу.

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште да көптөн бери эле талаш-тартыш болуп келген. Ушул эле мыйзам долбоору былтыр “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент экинчи жана үчүнчү окууда удаа кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн. Ага каршы жарандык коом тынымсыз нааразылык акцияларын уюштуруп келген. Мындай аракеттерден кийин агездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Болбой эле кайрадан быйыл, 28-июлда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында кайрадан добушка коюлуп, (97 депутат колдоп, бешөө каршы чыккан) колдоо тапкан. Каршы чыккандардын бири — Дастан Бекешев. Ал анда регламент бузулуп жатканын баса белгилеген. «Президент айтса эле позицияңарды өзгөртө бересиңерби? Регламент боюнча алты айдан кийин каралышы керек. Ал учурда жаңы парламент келет, ошолор келгенде карай берсин»,-деген депутат.

Жогорку Кеңеш регламентинде эмне деп жазылган?

Жогорку Кеңеш регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралат. «Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш аны кайра кароого четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес киришиши мүмкүн» деп Жогорку Кеңештин регламентинин 55-беренесинде бадырайып жазылып турат.

Мына, окурман, парламенттин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек болчу. Бирок, бир айдан кийин кайра добушка коюлуп, өтүп кетти.

«Медиа полиси» да регламентке каршы келет дейт…

«Медиа полиси» институту бул долбоор боюнча кеңири анализ жүргүзгөн. Анда 28-июлда өтпөй калган мыйзамды кайра добуш берүүгө алып чыгуу Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келерин, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганын,  регламентке каршы келээрин, кайра добуш берүүгө алты ай өткөндөн кийин гана алып чыгуу мүмкүн экенин белгилешкен…

Мөөнөтү аяктаганына карабаган мыйзамчылар, мыйзам токуп, мыйзам, токтом кабыл алып, айтор, «Укмуштуунун төөсү жорго» дегидей эле иштерди кылып келген депутаттарыбыз бул жерден да «жөндөштүрүп» кетишти…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.