Парламенттик шайлоого 75 партия ат салышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, документ тапшыруу убактысы кечээ, 3-сентябрда, саат 18:00дө токтогон. 75 партия 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Тизмени бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы