ИИМдин буга чейинки билдирүүсү
Орозайым Нарматованын кайрылуусу
Адахан Мадумаровдун билдирүүсү
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Орозайым Нарматованын кармалышы тууралуу “Азаттыкка” мындай деген:
— Эки доско каршы сүйлөп койсоң бийлик аны мамлекетке каршы сүйлөгөндөй кабыл алат. Каалаган берене менен айып коё берет, ал жараша берет. Бул өтө чоң жапайычылык. Орозайым Нарматова бир ай атасынын үйүндө жаткан экен. Эмне үчүн укук коргоо органдары үйүнө барып койбойт? Эмне үчүн аэропортко келип учайын деп каттоодон өтүп жатканда кармашат? Милиция качантан бери чек араны кайтарып калды эле? Ал эми чек ара кызматы кимге баш ийерин билесиңер. Экинчиден, ал кыз жападан-жалгыз бир тууган агасынын сөөгүн алып келип жерге берип, кыргыздын салты боюнча 40 күндөн кийин жеңесин, агасынан калган төрт баланы алып кетип баратканда кармалганы чектен чыккан жапайычылык.
Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Орозайым Нарматованын кармалышы тууралуу билдирүүсү кечээ “Ата Мекен” партиясынын “Фейсбуктагы” баракчасына «Конституция сынды, элита сынды, эми эл сынса турбай калабыз!» аталышта жарыяланган:
Орозайым Нарматова деген ким?
Орозайым Нарматова жакында эле бир тууган агасын акыркы сапарга узатуу үчүн Кыргызстанга келген. Кайра Орусияга учуп кетүү үчүн Ош аэропортуна барганда милиция кармап кеткен. Анын кармалышы алгач социалдык тармактарга тараган. Ал эми Ош ШИИБ Нарматованын кармалбаганын, ал ИИМдин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.
2 thoughts on “ИИМдин, Текебаевдин, Мадумаровдун билдирүүсү, Нарматованын кайрылуусу…”