Бүгүн, 11-октябрда, Бишкекте “Улуттар биримдиги” элдик партиясынын lVсъезди болуп өттү. Ага ар кайсы аймактан келген делегаттар катышып, парламенттик шайлоого аттанган партиялардагы 5 талапкерди бекитип беришти.
Алгачкы 5 талапкер:
1. Мелис Мырзакматов («Улуттар биримдиги»);
2. Андрей Иванов («Ар-Намыс»);
3. Саитжан Эратов(«Мекен сакчысы»);
4. Артур Медетбеков(«Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы»);
5. Надежда Ладожинская («Кыргызстан Элдер Шериктештиги»).
Эске сала кетсек, буга чейин айрым партиялардын лидерлери бул партияга биригип, парламенттик шайлоого чогуу аттануу ниеттерин билдиришкен. Алсак, Феликс Кулов («Ар-Намыс»), Артур Медетбеков («Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы») жана ар кыл кыймыл жетекчилери, маселен, Дмитрий Феодоров («Мекендештер»), Кубанычбек Исабеков («Элдик көзөмөл»), Саитжан Эратов («Мекен сакчысы»), Айбек Турганбаев («Көзөмөл») ич ара биригип, 4-октябрда келишимге кол коюшкан.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы