«Улуттар биримдиги» партиясы алгачкы 5 талапкерди бекитти. Алар кимдер?

«Улуттар биримдиги» партиясы алгачкы 5 талапкерди бекитти. Алар кимдер?

Бүгүн, 11-октябрда, Бишкекте “Улуттар биримдиги” элдик партиясынын lVсъезди болуп өттү. Ага ар кайсы аймактан келген делегаттар катышып, парламенттик шайлоого аттанган партиялардагы 5 талапкерди бекитип беришти.

Алгачкы 5 талапкер:

1. Мелис Мырзакматов («Улуттар биримдиги»);

2. Андрей Иванов («Ар-Намыс»);

3. Саитжан Эратов(«Мекен сакчысы»);

4. Артур Медетбеков(«Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы»);

5. Надежда Ладожинская («Кыргызстан Элдер Шериктештиги»).

Эске сала кетсек, буга чейин айрым партиялардын лидерлери бул партияга биригип, парламенттик шайлоого чогуу аттануу ниеттерин билдиришкен. Алсак, Феликс Кулов («Ар-Намыс»), Артур Медетбеков («Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы») жана ар кыл кыймыл жетекчилери, маселен, Дмитрий Феодоров («Мекендештер»), Кубанычбек Исабеков («Элдик көзөмөл»), Саитжан Эратов («Мекен сакчысы»), Айбек Турганбаев («Көзөмөл») ич ара биригип, 4-октябрда келишимге кол коюшкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.