Жаӊыча аралаш система менен шайланып келе турган Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме жана бир мандаттуу округдан аттанган талапкерлердин документтерин кабыл алуу токтоду. Бул тууралуу БШК билдирди.
Баарыбыз билгендей, кезектеги 7-чакырылыштагы Жогорку Кенеш депутаттарынын саны Конституциялык жаңы мыйзамда 90 болору көрсөтүлгөн: 55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча партиялык тизме; калган 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система менен шайланып келет. Эми маселе — КИМДЕР КЕЛЕТ? Эскилерби же жаӊы жүздөрбү? ЖК депутаты Рыскелди Момбеков айткандай, ким утат — каймактарбы же аймактарбы?
Айтмакчы, чечендиги жанда жок депутат Рыскелди Момбеков жогоркудай уйкашы укмуш сөздөрүн «Азаттык» радиосу «Бийлик, коомчулук жана саясий күчтөр өткөндөн сабак алдыбы?», «Алдыдагы шайлоо кандай жүрүп жатат?», «Шайлоо таза өтөбү?» сындуу суроо коюп уюштурган талкууда айтып чыкты. «Эксперттер талдайт» берүүсүндөгү ал талкууга ЖК депутаты Рыскелди Момбековдон башка БШК мүчөсү Кайрат Маматов, депутаттыкка талпынган талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Дамира Ниязалиева, социолог Самар Сыргабаев катышты.
Эми Рыскелди Момбеков, Алмамбет Шыкмаматов — «капилеттен сөз таап, караӊгыда көз таап» сымаптай эле жылып «жаӊылбай», «чалынып калбай» жоопторду берип жатышты…
Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Жогорку Кеңеште эң чоң оппозиционер деп Рыскелдини айта алам»
Куюлуштурма кеби, уйкашы шумдук сөздөрү менен жалпынын көңүл борборунда жүргөн, депутаттарды да жыргатып күлдүргөн Рыскелди Момбеков талкууда да топ жарган азамат болду. Көп кызыкты айтты, эмитен эле аймактарда акча таратып жаткан талапкерлер бар деп чыкты. Алардын фамилиясы али БШКда каттала да, тактала да элек деди. «Капчыктуулар аймакка, кадырлуулар партияларга кирдик. Аймактар утабы же каймактар утабы», — деп маселени кабыргасынан койду. Бир мандаттуудан аттанып жаткан Дамира Абаскановна анын айтканына күлүп, «Сиз өзүңүздү кадырлуу, бизди капчыктуу кылып койдуңуз. Биз дагы кадырыбызга таянып баратабыз» деди эле, ага депутат кайра: «Базаркомдор, банкирлер бир мандаттуудан баратат, жалганбы?» деп суроо таштап койду…
Ал эми Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, партияларда күркүлдөр жок экен, ал жактан Рыскелди экөөндөй эле капчыгы жукалар баратыптыр… Анан Алмамбет мырза Жогорку Кеңеште эң чоң оппозиционер деп Рыскелдини гана айта алат экен.
Айтор, кызыктуу талкуу болду. Анын толугун төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз:
Аралаш шайлоо системасы…
Ооба, быйылкы шайлоонун системасы өзгөргөн. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга быйыл, 27-августта кол койгон. Ал мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Тагырагы, жогоруда белгилегендей, парламентке 90 депутат келет.
Айтмакчы, Садыр Жапаров Би-Би-Сиге берген бир маегинде шайлоо системасы боюнча ой калчап: «Парламенттин аброюн бир мандаттуу округдардан келген депутаттар гана көтөрөт. Анткени алар партияга да, бийликке да көз каранды эмес. Ал бир гана өз шайлоочуларына жана округуна көз каранды болот. 2007-жылдан тарта партиялык тизме менен шайлоолор башталып, Бакиевдин убагында “Ак Жол”, КСДП, Коммунисттер болуп үч партия бийликке келген. Ошол күндөн тарта парламенттин аброю түшө баштады. 2010-жылы жаңы Конституция жазылып, парламенттик башкаруу келди. Бирок ал системага кыргыз эли даяр эместиги өткөн соңку он жыл тастыктап койду”, — деп бир мандаттуу округдардын кадырын жогору койгону бар…
БШК айтымында…
Бир мандаттуу округдардан талапкер болуп талпынгандардан документтерди кабыл алууну БШК 18-октябрда токтотту. Алардын айтымында, Кыргызстандагы жалпы 75 партиядан 21 партия катталган.
Айтмакчы, пропорционалдык системага ылайык, партиялар арасында мандаттар талапкерлердин алган добушуна жараша бөлүштүрүлөт. ЖКга келгиси келген партия өз талапкерлеринин тизмесин түзөт жана алардын саны 54төн ашпашы керек. Шайлоочулар шайлоо күнү өз добушун партияга эле эмес, партиядагы белгилүү бир талапкерге да берет. Кандай десеӊиз, бул шайлоодогу шайлоо бюллетени эки бөлүктөн турат. Биринчисинде партиялардын тизмеси жана «Баарына каршы» графасы болот, экинчисинде сандары менен 54 квадрат жайгашат. Бюллетендеги биринчи бөлүктөн партиянын бирин тандап же баарына каршы добуш бере аласыз; бюллетендин экинчи бөлүгүндөгү 54 квадрат менен партия тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандайсыз. Ал 54 квадрат эл өкүлү болгусу келгендердин партия тизмесиндеги катар саны, андыктан кайсы бир партиядагы кайсы бир талапкерди парламенттен көргүӊүз келсе, анын партия тизмесиндеги катар номерин билип алышыӊыз керек да, ошол квадратка галочка коёсуз…
Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча жалпы республикада 36 округ аныкталган, талапкерлигин көрсөтүп 381 арыз берилген; арыз бергендердин 349у – эркектер, 32си – аялдар. 335 талапкер тийиштүү документтерди толук топтомун берген; 14 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан. Бүгүнкүгө карата БШК 80 адамды талапкер катары каттады. Калган арыздарды кароо, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо толугу менен 29-октябрда аяктайт.
Анан ошол 29-октябрь күнү үгүт иштери башталат. Парламенттик шайлоо болсо, 28-ноябрда өтөт…
Кызыктар али алдыда…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы