Алардын маалыматына караганда, 26-октябрдын саат 11:00нө карата эки күндөн бери медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 179ге жеткен. Алардын 18и балдар. 50 бейтап ооруканада жатат, калгандары үйүнөн дарыланууда.
Эске сала кетсек, 23-24-октябрда Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап 12 киши кайрылган. 25-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 120га жакындаган. Кайрылгандар «Империя пиццынын» кафелеринен үйлөрүнө жеткирип берүү буйрутмасы менен суши-ролл жешкенин айтышкан. Уулангандардын арасында жаш балдар да бар.
Аталган кафе убактылуу жабылганын Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору билдирген. Алар республиканын бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерилери тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кечээ, 25-октябрда билдирген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы