«Империя пиццы» кафеси убактылуу жабылды. Тамакка уулангандардын абалы кандай?

«Империя пиццы» кафеси убактылуу жабылды. Тамакка уулангандардын абалы кандай?
Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып ооруканага түшкөндөрдүн баарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-октябрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 26-октябрдын саат 11:00нө карата эки күндөн бери медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 179ге жеткен. Алардын 18и балдар. 50 бейтап ооруканада жатат, калгандары үйүнөн дарыланууда.

Эске сала кетсек, 23-24-октябрда Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап 12 киши кайрылган. 25-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 120га жакындаган. Кайрылгандар «Империя пиццынын» кафелеринен үйлөрүнө жеткирип берүү буйрутмасы менен суши-ролл жешкенин айтышкан. Уулангандардын арасында жаш балдар да бар.

Аталган кафе убактылуу жабылганын Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору билдирген. Алар республиканын бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерилери тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кечээ, 25-октябрда билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.