Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы бажы кызматкери Нурлан Ражабалиевди №2 бир мандаттуу Баткен округунан талапкер кылып каттады. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бажы кызматанын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынган. Ал тергөө менен кызматташып Бажыда коррупциялык схема түзгөнү үчүн мамлекетке 12 млн. сом төгүп берген. ИИМдин айтуусунда, Ражабалиевдин соттуулугу жоюлган.
Ражабалиев бул иштерди Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу кылганын тергөө аныктаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып бюджетке 2 млрд. сом төккөн.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 56сы партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.
Нази БАЯН кызы