Шайлоо-2021. БШК: «Талапкер Шайырбек Ташиевге эскертүү берилди». Ташиев ага макул эмес

Шайлоо-2021. БШК: «Талапкер Шайырбек Ташиевге эскертүү берилди». Ташиев ага макул эмес

Бүгүн, 29-октябрда, БШК №14 Жалал-Абад шайлоо округунан аттанган талапкер Шайырбек Ташиевге «алдын ала үгүт жүргүзгөнү» үчүн жазуу түрүндө эскертүү берди.

Алардын айтымында, Ш.Ташиев боюнча арыз 23-октябрда келип түшкөн. Пери Орозбекова деген «Фейсбук» колдонуучусу Шайырбек Ташиевдин бир тууган агасы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Барпы айылынын тургунуна жаңы курулган үйдүн ачкычын тапшырганын, бирок талапкерлердин жакын туугандарына шайлоо алдында кайрымдуулук менен алектенүүгө мыйзам тыюу саларын эскертип жазып чыккан болчу.

Маалымат үчүн, Шайлоо мыйзамынын 28-беренесине ылайык, талапкерлерге, алардын жакын туугандарына, жубайына, саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоо дайындалган учурдан шайлоо жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

БШКнын ыкчам чара көрүү тобу жарандардын арыз-кайрылууларына реакция кылып жатканынын белгиси катары жогорудагы окуяны текшерүү үчүн билдирүүнү ИИМге жөнөткөн. Аны Сузак райондук милициясы текшерип, «ал үйдү жеке ишкер Абдимиталип Мамитов курган, К.Ташиев ошол учурда айылда болгондуктан, ишкер ага ачкычты салтанаттуу тапшырып коюуну суранып кайрылган, эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес» таризде жооп кайтарышкан. Сузак райондук милициясынын бул маалыматына таянып БШК «Камчыбек Ташиевдин аракеттеринде «шайлоо алдында кайрымдуулук кылуу» белгилери аныкталган жок» деп чечти.

Анткен менен БШК Ташиевдин аракеттеринде «алдын ала үгүттөө» белгилери бар» деп эсептейт. Себеби, үгүт иштери 29-октябрда старт алды, жогорудагы маалымат болсо ага чейин тараган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул боюнча: «Бул тууралуу маалымат “Регион ТВ” жана башка телеканалдардан тарап кеткен. Ал үгүттүк таасир этүүчү маалымат катары болгон. Ошого байланыштуу үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузуу белгилери болуп жатат…», — дептир. Ушул себептен Шайырбек Ташиевге «алдын ала үгүт жүргүзгөн» деп жазуу түрүндө эскертүү берилген.

Бирок, эске салсак, Камчыбек Ташиевдики деп эсептелген «Регион» телеканалы 22-октябрда Камчыбек Ташиевдин Барпы айылынын тургуну Муратовдун үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырганын сюжет кылып көрсөтүшкөн. Анын ичинде турак жайга муктаж үй-бүлөгө жардам берүүнү Ташиевден айыл аксакалдары суранганы, эки ай ичинде турак жай курулганы айтылган экен. Айыл тургундары үйдү Камчыбек Ташиев «өз жанынан салып бергенин»  баса көрсөтүп айтып, «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов болсо, «Фейсбуктагы» баракчасына жаӊылык кылып жазып да чыккан.

Айтмакчы, Ташиевдер «үгүттүк таасир этүүчү иш-аракетин» эрте баштап алганын байкап калган «Фейсбуктун» активдүү колдонуучусу Пери Орозбекова  дагы бир талапкер боюнча «Ташиевдикиндей жагдай Чүй облусунун губернаторунда дагы катталыптыр» деп жазып чыкты. Анын маалыматын сөзмө-сөз берсек, мазмуну мындай: «Президент 29-август күнү ЖКнын депутаттарын шайлоо указына кол коюп жарыя кылган. 30-август күнү «Ынтымак» саясий партиясынын талапкери Бакыт Тентишевдин атасы Тентишев Эркин 5 млн сомдук байге фондусу менен спорт иш-чарасын өткөргөн. 5-октябрь күнү талапкер Бакыт Тентишев мугалимдер күнү менен Ысык-Ата райондук администрациясы өткөргөн иш-чарага катышып, мугалимдерге акчалай сыйлыктарды дагы тапшырган. Бул жерде бир букет мыйзам бузуу болгону айдан ачык. Адмресурс, спорт иш-чарасы, мугалимдерди куттуктоо. БШК мыйзамдуу чечим кабыл алат деп ишенели, урматтуу, адилеттүү жана таза шайлоону колдогон мекендештер!» 

БШК бул маалыматка да көӊүл буруп, чара көрүп, мыйзамдуу чечим кабыл алабы, байкай туралы…

Баса, унута электе,  жазуу түрүндө эскертүүнү БШК Ташиев менен катар №3 Кадамжай, №32 Кочкор шайлоо округдарынан чыгып жаткан жаш талапкерлер Нурали Талипов менен Ормон Нурбек уулуна да берген. Боршайком маалыматы боюнча эки талапкер да «алдын ала үгүт жүргүзгөн»…

Соӊку маалыматтар боюнча, талапкер Шайырбек Ташиев БШК чечимине макул эмес жана ал боюнча сотко кайрылат…

Эми, акырында белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бүгүн, 29-октябрда, үгүт иштери башталды. Муктаж адамдардын муктаждыгын чечкенге эми болот… Утурумдук эле болбосо болду…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.