Экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков «Азаттык» радиосунун «Бийлик сырлары» аттуу берүүсүндө конокто болуп, Акаев, Атамбаев, Танаев, Жумагулов, Аманбаев, Ташиев тууралуу айтып бериптир. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев шакирти болгонун белгилей кетиптир.
Азаттык:
— Бекболот мырза, азыркы бийликте экинин бири болуп турган Камчыбек Ташиев сиздин шакиртиңиз деп айтылат. Сиз экөөңүздөрдү жакындаткан эмне болгон?
— Мен Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турганда Жогорку Кеңештеги депутаттык орун бошоп калды. Ал үчүн 10-15 жигит ат салышты, арасында Камчыбек Ташиев бар эле. Өтпөй калды, бирок, менин көзүмө чалдыгып калды. Чакырып сүйлөшүп көрсөм, тың жигит экен. Анан аппаратка алдым. 2002-жылы өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп турганда жардамчы болуп иштөөгө чакырдым. Андан кийин Бишкек шаарынын Ленин районуна акимдин биринчи орун басары кылып жөнөттүм. Ошондон бери биз ага-ини, устат-шакирт катары кол үзбөй келе жатабыз.
— Демек, Камчыбек Ташиев азыр Бекболот Талгарбековдун сөзүн эки кылбайт?
— Адамдык мамиле жагынан урматтап-сыйлап турат, бирок өзү “мамлекеттик ишиме кийлигишпеңиз” деп айткан. Ошон үчүн кийлигишпейм.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы