Камчыбек Ташиевди кызматка көтөргөн Бекболот Талгарбеков беле?..

Камчыбек Ташиевди кызматка көтөргөн Бекболот Талгарбеков беле?..

Экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков «Азаттык» радиосунун «Бийлик сырлары» аттуу берүүсүндө конокто болуп, Акаев, Атамбаев, Танаев, Жумагулов, Аманбаев,  Ташиев тууралуу айтып бериптир. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев шакирти болгонун белгилей кетиптир.

Азаттык:

— Бекболот мырза, азыркы бийликте экинин бири болуп турган Камчыбек Ташиев сиздин шакиртиңиз деп айтылат. Сиз экөөңүздөрдү жакындаткан эмне болгон?

— Мен Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турганда Жогорку Кеңештеги депутаттык орун бошоп калды. Ал үчүн 10-15 жигит ат салышты, арасында Камчыбек Ташиев бар эле. Өтпөй калды, бирок, менин көзүмө чалдыгып калды. Чакырып сүйлөшүп көрсөм, тың жигит экен. Анан аппаратка алдым. 2002-жылы өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп турганда жардамчы болуп иштөөгө чакырдым. Андан кийин Бишкек шаарынын Ленин районуна акимдин биринчи орун басары кылып жөнөттүм. Ошондон бери биз ага-ини, устат-шакирт катары кол үзбөй келе жатабыз.

— Демек, Камчыбек Ташиев азыр Бекболот Талгарбековдун сөзүн эки кылбайт?

— Адамдык мамиле жагынан урматтап-сыйлап турат, бирок өзү “мамлекеттик ишиме кийлигишпеңиз” деп айткан. Ошон үчүн кийлигишпейм.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.