Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгын утурлай, 2005-жылдагы «Бишкек таймс» гезитине берген маегин берип коелу дедик. Анда Эстебес атабыз ата-энеси, чыгармачылыкка кандайча келип калганы, устаты жана жубайы менен кантип таанышканы тууралуу айтып берген. Кызыктуу маек алдыӊыздарда:
— Эстебес агай, таластык экениӊизди жакшы билебиз, бирок сизди «менин айылыман болот» деп талашкандар көп…
Биздин айыл мурда Арал, Чеч-Дөбө колхозу деп аталган, кийин Кайыӊды совхозу деп аталып калды.
— Канча бир туугансыз?
— Эки. Сыйнат деген эжем бар.
— Ата-энеӊиз, балалыгыӊыз тууралуу айтып берсеӊиз?
— Атам Турсуналы айылда тегирменчи болуп эмгектенген. Комузду мыкты чертчү. Каерде болбосун, комузун кошо ала жүрчү. Мени дайыма жанына ээрчитип жүрөр эле. Ошондон улам, мен да комузга кызыгуу сезими пайда боло баштады. Ошентип 9 жашыман комуз черткенди үйрөндүм. Атам кубанып-кубаттап жүргөн кезде армияга чакырылып калды. 1942-жылы жөнөп кетип, ошол бойдон кайтып келген жок. Анда мен 11 жашта элем. Апам да, биз да атамдан эрте айрылып, өтө жаш калдык. Апам Арпаян ата ордуна ата, апа ордуна апа болуп, бизди ушундай даражага жеткирди. Айылга концерт коюп барган артисттер менен тааныштырып, алардын өнөрүнө көӊүл бурдуруп, сахна деген эмне экенин түшүндүрүп, концерттен калтырчу эмес. Өзү да көп кырдуу таланттуу адам эле. Колунан көөрү төгүлгөн уз, саймачы, сөзмөр , кошокчу, төкмө ырчы болгон. Айылда кадыр-барктуу адам эле
— Канча жашыӊызда ыр чыгардыӊыз?
-12 жашымда элдик ырларды ырдап жүрдүм. 14 жашымда «Андалек» деген ыр чыгардым. Аны комуздун коштоосу менен каерде болбосун ырдай берчүмүн. Айылдагыларга жагып, мени атыман айтпай, «Андалек» деп атап калышкан.
— А устатыӊыз ким болгон?
— СССРдин эл артисти, төкмө акын, депутат болуп иштеген Алымкул Үсөнбаев (Замирбек Үсөнбаевдин атасы — ред.) аксакал менин устатым болгон. Аксакал шаарда иштечү, бир күнү айылга отпускага келип калды. Апам мени ээрчитип барып тааныштырды. Филармонияга алып келген, атак-данкка ээ кылган ошол киши болду.
— Кайсы жылы келдиӊиз эле?
— 1946-жылы олимпиадалык кароо болуп калып, Талас обусунан 30га жакын балдар келдик. Анда мен 16 жашта элем. Өзүмдүн «Андалек» деген ырым менен сахнага чыктым. Алымкул аксакал филармонияда иштечү. «Мектепти бүткөн соӊ кел» деди. 1947-жылы филармонияга келдим. Алымкул, Осмонкул, Саякбай, Калык жана башка дагы көптөгөн манасчылар, акындардын алдында сыноодон өткөрдү. Аларга жагып, ошондон бери өнөрүмдү өркүндөтүп, филармония иштеп келатканыма 58 жыл болду, өзүм болсо 73 жашка келдим.
«Эл ырчылары Эстебес тобу» деп кайсы жылы ачтыӊыз эле?
— 1992-жылы ачкам. Топто жубайым Райгүл, эмгек сиӊирген артист Нуржамал Табалдиева, Токтобүбү Черикчиева, Малик Аликеев, Амантай Кутманалиев, Гүлгаакы Сагындыкова деген эл оозуна алынып калган артисттер бар. Роза Аманова, Сыймык Бейшекеев экөө менин колумда иштеп кеткен.
— Филармонияга эмгегиӊиз сиӊип калыптыр, кандай наамдарга ээ болдуӊуз?
— 1958-жылы Москвага экинчи декадага барып «Ардак белгиси» деген орден менен сыйлангам. 1964-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген артисти, 1972-жыл Кыргыз ССРинин эл артисти наамын алгам. 1968-жылдын бери Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн. 8 китебим чыкты. Жыйырмадан ашык чет мамлекетте болдум.
— Райгүл эже менен алгач каерден тааныштыӊыз эле?
1957-жылы Нарын облусунан Райгүл Деркембаева «Гүлкайыр» аттуу ыр менен филармонияга келип ырдаганда таӊшыган үнү, жаркыраган өӊ-келбети далай жигиттердин көӊүлүн бурган. «Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үчүнчү көргөн — сүйүш» дегендей, биринчи көргөндө аты-жөнүн билдим, экинчи көргөндө чогуу бир топто иштеп калып, тааныштым. Үйлөнгөндө сүйдүм. Себеби, Рая менин чыгармачылыгымды кош колдоп, кубаттап келатат. Жаркылдаган уул-кыздарды төрөп берди. Аларды түн уйкудан калып, ак сүтүн берип, эрезеге жеткирди. Мына, Кудайга шүгүр, келиндүү болуп, алардын ысык чайын ичип, небере-чөбөрөлөрдүн сөздөрүнө күлүп, төрдө отурган кезибиз. Кудай ушуну кут кылсын.
— Жаӊы келин болгондо тамакты кандай жасачу эле?
— Айтылуу акын Байдылда Сарногоев: «Жалаӊ этти бөрү жейт» деп айтчу эле. Анынсыӊарындай, нарындыктар этти жакшы жешет да. А биз болсо камырды көбүрөөк жейбиз да. Баягы тамаша иретинде: «Сексени камыр, сегизи эт, себелеткен таластык, кайран этти камырга тебелеткен таластык» деп айтып жүрүшпөйбү. Ушул жагынан экөөбүздүн көз караш эки башка эле башында. Кийин камыр тамакты көбүрөөк жасап үйрөндү. Эӊ жакшы кылган тамагы «Бешбармак». Азыр келин-кыздар тамактын түрүн жасап, эжеӊердин колу узатып калган кези. Ошентсе да , алар жокто бардык тамакты даамдуу кылып, арыдан-бери жасай салат.
— Мүнөзү кандай?
— Эжеӊердин мүнөзү жаккан үчүн жар кылып алгам да. «Алтындай мүнөзгө ээ болуу үчүн темирдей чыдамдуулук керек» дегендей, өмүрү жинденип, кыйкырып, жаакташкан жан эмес. Бекеринен «вазир жакшы — хан жакшы, аял жакшы -эр жакшы» деп айтылбайт да. Негизи эркектин жамандыгын жашырып, жакшылыгын ашырып турган аялзаты да. Акылы жок аялын мактайт болбосун, чынында аялдар саяпкер болбосо, акындын бөксө жерин толуктап турбаса, кабагы бүркөлгөндө аны ачпаса, кайгырганда күлдүрбөсө, анда акындан кандай ыр чыгат. Кийим-кечеӊ таптаза, тамагыӊ даяр болуп турса гана ар кандай төкмөлөр чыгат да. Ушунун баарын түшүнүп, ойдогудай баарын кылып келаткан Райгүл. Ошондуктан ушунча жылдан бери ынтымактуу жашап келатабыз да. Пейили кенен. Үйгө мейман келип турса деп тилейт. Конокту, куда-сөөктү, тели-теӊтушту ойдогудай тейлейт. Пенсияда болсок да чогуу бир топто иштеп жатабыз. Жакшы ырдайт, ооз комузда жакшы ойнойт, комузду мыкты чертет.
— Силердин жолуӊарды жолдогон уул-кыздарыӊар барбы?
— Уулубуз Насипбек обон чыгарат. Анын баласы, неберем Медер ырдап жүрөт. Эркинбек сатира чыгарат, анын да баласы жакшы ырдайт.
(Уландысы бар)
Маектешкен Назира СААЛИЕВА
«Бишкек таймс», 2005-жыл
One thought on “Эстебес ТУРСУНАЛИЕВ: «Аял саяпкер болбосо, акындын бөксө жерин толуктап турбаса, акындан жакшы ыр чыкпайт»”