Райгүл ДЕРКЕМБАЕВА: «Эстекемдин атагы чыгып, популярдуу болуп, кыздардын жүрөгүнө чок салып турган кези экен…»
(Уландысы)
— Эже, филармонияга кандайча келип калдыӊыз эле?
— Мени филармонияга чоӊ акын Токтоналы Шабданбаев алып келген. Чоӊ комузчу Шекербек Шеркулов менен чогуу иштешип калдым. Ошондо Эстекемдин атагы чыгып, популярдуу болуп турган кези экен. Чачты силкип, кычырап кийинип, ырлары менен кыздардын жүрөгүнө чок салып турган убагы экен. Бир көрүп сүйдүм деп айта албайм, жактыруу сезим болду. Нике кайып болуп, баш коштук.
— Сизди киного, жолугушууга чакырган жок беле?
— Жок. Атүгүл «сүйөм» деп айткан эмес. И баса, мени кайын энем жактырган экен. Азыр «Туӊгуч» театры жайгашкан жер мурда филармония эле. Ошол жерде концерт берип калдык. Концертке кайын энем иниси менен келиптир. Мен ырдап чыкканда кайненем, «Аа, ий, маӊдайы жарык, жаркылдаган жакшы кыз экен. Каяктын кызы болду экен?» деп сураштырып, жактырыптыр. Сыртымдан жактырып жүргөн Эстекем апасы да жактырганын кубанганын кийин уктум.
— Кайын энеӊиз мамилеӊиз кандай болду?
— Абдан жакшы. Жалгыз келини болгондон кийин, өз кызындай мамиле кылууга аракет кылдым. Кайсы бир келин жөнүндө ыр бар го, «ичтегини сезип тура, билип турса сүйлөтпөй» деген. Анынсыӊарындай, көз караштан эле бири-бирибизди түшүнчүбүз. Кайын энем менен бир жыл жашадым. Ооруп калганда багып, батасын алдым. Апам жарыктык менин колумдан кетти. Абдан жакшы киши эле.
— Ата-энеӊиз жол алыс деп Таласка келин болушуӊузга каршы болгон жок беле?
— Жок. Эстебес Турсуналиев деген атты угуп, «ал кызыбызды өзү багып алат» деп кош колдошкон. Ата-энемдин көзү жетиптир, жолдошум жакшы чыкты.
— «Ар кимде бар ар кыял» дегендей, кантип эле кыял болбосун?
— Биз бирөөнүн алдында бири-бирибизди каккан жандан эмеспиз. Эгер кемчилигибизди байкап калсак, аны эч ким жокто сүйлөшчүбүз. Анда дагы акырын маданияттуу чечишип алабыз.
— Жаш кезде агайды кыздардан кызганчу белеӊиз?
— Жок. Обу жок кызгана берсем, Эстекемдин өнөрү өспөй калмак да. Бардык күч-кубатымды ага арнадым. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эл албаган наамды алды. Кыскасы, жеӊилин жерден, оорун колдон алып, анын чыгармачылыгына жан дүйнөмдү үрөдүм. Бардык жерде барктуу адам. Кечеден жолуккан санаалаштары: «Үйгө келип, чай ичип кеткиле» деп сыйлап турушат.
— Гастролго чогуу барчу белеӊиз?
— Албетте, бирок, Эстекемдин уруксаты менен барчубуз. «Гастролго кетип атам, жүр» дей берчү. «Балдарчы? десем, «балдар менен барабыз» дейт. Бала-чака менен гастролдогон күн көп болгон. Анын үстүнө Кудайдын берген баласы деп арты-артынан төрөй берип, 20 жыл бала менен үйдө отурдум.
— Анда үйдө олтуруп калганыӊызга өкүнөт экенсиз да?
— Өкүнбөйм деле. Үйдө олтурганда жөн отурган жокмун. Азыркы КУУнун филфагын сырттан окуп бүтүргөм. Эстекемден бир тыйын албай, бардык экзамендерди өз күчүм менен тапшыргам. Окуу жайды бүтүп жатканда жумуш сунуштады. Эстекем менен акылдашсам болбой койду. Бул кишинин айтканы мен үчүн закон эле да, баш ийдим. Кайра эле филармонияга жумушка чакырылып калдым, чогуу иштеп жатабыз. Бир гана өкүнгөнүм, ортодо ырдабай калып, элге таанылбай калдым. Негизи ырчы өзүн 30 жашка чейин көрсөтүп калыш керек экен. Мени мурункулар тааныйт, а азыркылар тааныбайт. 15-майда 65 жашка чыгам.
— Туулган күндөргө көӊүл бурасыздарбы?
— Биз үчүн эӊ жакшы майрамдадын бири. Мурда биздин үйдө мындай салт бар эле ким канчага чыкса ошончо гүл бермей. Азыр деле гүл беребиз, бирок, мурдагыдай эмес.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА
«Бишкек таймс», 2005-жыл