КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) жана РФ Экономикалык өнүгүү министрлигине караштуу интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын (Роспатент) жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу 9-декабрда өткөрүлөт.
Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма соз кызматы бүгүн, 6-декабрда билдирди.
Эки тараптуу жолугушуунун максаты – интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары жана Роспатентке караштуу Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы ортосунда келишимдерге кол коюу.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы