ВИДЕО — «Супарада» созулган обондор… Нарын Айып атактуу «Yesterday» ырын кыргыз тилинде ырдады…

ВИДЕО — «Супарада» созулган обондор… Нарын Айып атактуу «Yesterday» ырын кыргыз тилинде ырдады…
Солдон оңго карай, биринчи катарда: Мелис Эшимканов, Талант Конокбаев. Экинчи катарда: Азимжан Ибраимов, Бакыт Орунбеков, Султан Раев, Каныбек Иманалиев, Мамат Сабыров

«Журналистика башка кесиптерден айырмаланып, сөз кадыры, сөз касиетин талап кылат»

***

 «Журналисттер дээринде чатак, эрке, ойт берме калк келет. Ошон үчүн аларга аяр, кек сактабаган, ички дүйнөсүн түшүнгөн мамиле керек!»

Мелис ЭШИМКАНОВ

 Журналист дегенде эле Кыргыз эркин журналистикасына жол салып кеткен, кыргыз тилдүү басма сөз патриархы, чыгаан журналист, азыркыга чейин аты аталып келаткан Мелис ЭШИМКАНОВ (1962-2011) агабыз менен бир тууган иниси, котормочу, акын,  журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) жана «Асаба» гезити эске түшөт.

Кечээги (3-ноябрда) «Супара» этно-комплексинде «Журналист болуу — бул чоң сыймык жана өзгөчө зор жоопкерчилик!» деген аталышта өткөн иш-чарада да кайнагамдын аты бир нече жолу аталды…

Ал эми иш-чара боюнча кесиптештер кечээтен бери кеп кылып жазып жатышат. Анда эмесе, бизден да сөз башынан болсун!

7-ноябрьМаалымат жана басма сөз күнү жана Тарых күнү. Анткен менен журналисттер майрамы алты күн мурун — ноябрь башындагы милиция майрамы менен катарлаш эле башталат. Президенттен баштап бир топ мамлекеттик мекемелер жетекчилери алдын ала куттук айтып, сыйлык, наам, белек-бечкектерин берип куттукташат. Кечээ «Супарада» форматы башкачараак иш-чара болуп өттү. Майрамдык кечеге келген үч  муундун (улуу, орто, кичүү ) өкүлдөрү кире беришке илинген баннерге аты-жөндөрүн жазып, кол тамгаларын калтырышты…

Ичкериде саат 18:00до уланган кечени белгилүү диктор, алып баруучу Расул Багышбаев алып барды. Ал журналисттерди майрамы менен куттуктап, иш-чарага колдоо көрсөткөн Жогорку Кеңеш депутаттары: Бакыт Сыдыков, Улукбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев, Венера Раимбачаева, Жылдыз Садырбаева, Мурадил Сыдыков, Медербек Саккараевди чакырып, сүйлөттү.

Эл өкүлдөрү журналисттердин иши ары татаал, ары оор экендигин баса белгилеп, эмгегибизди баалашты… куттукташты… Бул иш-чаранын демилгечилери, уюштуруучулары Элнура Кулуева менен Аманбол Бабакулов экендигин айтып, аларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Жүз журналистке жакшы маанай тартуулаган, кандай иш-чара болбосун калтырбай чакырып келаткан, идеяга бай кесиптешим Элнура Кулуева менен активист иним Амантай Бабакуловго жана алардын демилгесин колдоп берген Жогорку Кеңештин депутаттарына биз дагы ыраазычылык билдиребиз!

Абдиламит МАТИСАКОВ: «Журналист болбосоң да, адам боюнча кал!»

Абдиламит агайдын «Баткан күндү аяймын…» аттуу китебин белекке алдым

Обондуу ыр маанайдын башын ачкан Бакыт Карчыгаев жандуу үн менен бир тууган эжеси маркум ырчы Гүлбүбү Ороскул кызы ырдаган «Ортомчу бизге Ысык-Көл» (Сөзү: Абдырасул Кенжебаевдики, обону: Расул Маматкуловдуку) менен катар бир топ ырды ырдап журналисттерди жандантып жиберди…

Алып баруучу майрамдык кече 3 бөлүктөн турарын, ортодо лотереялар ойнотулуп, белектер тапшырыларын айтып, сөз сүйлөөгө улуу муун журналист эже-агайларды: Абдиламит Матисаков, Байма Сутенова, Нарын Айып, Кален Сыдыкова, Бакыт Орунбеков, Мамат Сабыров, Калыбек Тайтикеев, Сүйүн Курманова, Толкун Наматбаева, Лариса Асанбекова, Кыяс Молдокасымов, Бекен Назаралиев, Мырзакат Тыналиев, Болот Таштаналиев, Кубан Абдымен, Ысмайыл Кадыров, Кабыл Макешов, Абдыжапар Нурдинов, Нарынгүл Назаралиеваны чакырды. Алгач сөз алган Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит агабыз: «Бизди окуткан мугалимдер «Болсоң, жакшы журналист бол, жакшы жаз. Эгерде жаза албай, журналист болбой калсаң, анда адам боюнча кал!» деп окутушкан» деп адам боюнча калууга чакырды. Ал эми Кыргыз эл акыны Кален эжебиз өмүр бою оор кесипте иштеп батирлеп жашап келаткан журналисттерге үй маселеси каралса деген ниетин эл өкүлдөрүнө билдирди. Маалымат журналисттер аркылуу элге жетээрин айткан Бакыт Орунбеков агабыз аларга басым-кысым болбошу керектигин, ачык айткан, жазган журналисттерди камоо туура эместигин айтты.

Ыр кеселер сунулду…

Ар бир бөлүктө лотереялар ойнотулуп, журналисттер тийиштүү белектерин алып… «Бүгүн бул жерге Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков келбейт. Бүгүн журналисттер өздөрү ырдайт» деген алып баруучу Расул «ыр кесени баштап бериңиз» деп эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиевге сураныч таштады эле, суранычты аткарган депутат айтылуу Рыспай Абдыкадыровдун «Издейм сени» ырын ырдап берди. Ыр кесе андан нары кызуу уланып, баарынан кызыгы Нарын Айып агабыз «битлзчи» Пол Маккартнинин аалам ырдаган айтылуу «Yesterday» ырын кыргызчага оодарып ырдап жүргөнүн айтып, жаңылык болгон бизге да ырдап берди.

Yesterday

All my troubles seemed so far away,

Now it looks as though they’re here to stay.

Oh, I believe in yesterday.

Suddenly

I’m not half the man I used to be,

There’s a shadow hanging over me.

Oh, yesterday came suddenly.

Why she

Had to go, I don’t know, she wouldn’t say.

I said

Something wrong, now I long for yesterday.

Yesterday

Love was such an easy game to play.

Now I need a place to hide away.

Oh, I believe in yesterday.

Why she

Had to go, I don’t know, she wouldn’t say.

I said

Something wrong, now I long for yesterday.

Yesterday

Love was such an easy game to play.

Now I need a place to hide away.

Oh, I believe in yesterday.

Лирикалык чегинүү кылып, кыстырма маалымат үчүн айта кетсек, «Yesterday» (англисчеден которгондо _ «Кечээ») айтылуу британиялык «Битлз» тобунун «Help!» («Жардамга!») альбомуна кирген популярдуу ыр. Алгач 1965-жылы августта ырдалып чыккан. Ырдын автору — «Битлздын» негиздөөчүлөрдүн бири, учурда 81 жаштагы Пол Маккартни. Ал жаш кезде журналисттер сурашканда, кыялында өзүнөн-өзү жаралган ыргактар жана саптар ушул ырга айланганын айткан. Кийин, тагырагы, 2013-жылы сентябрда Пол Маккартни ыр таржымалын акылы кеч кабылдаса да, жүрөгүндө бул ыры 14 жашында жоготкон апасына арналганын айткан. Айтмакчы, 2019-жылы бул ыр адамзат тарыхындагы мыкты ыр аталган.

Эми өз кечебизге келсек, анын көркүн кайрымдуулукту көп кылган боорукер, жароокер кызыбыз Назгүл Насиева ого бетер ачып салды. Жагымдуу сонун үнү бар экен, таякеси (Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков) обон салган «Сүйүү жазын» (сөзү Бурулкан Карагулованыкы) ырдап берди. Андан да, ар дайым жан дүйнөңө жылуулук тартуулаган, ар качан жардамын аябаган, шайыр, сулуу бул кызыбыздын бүгүн туулган күнү дагы. Назгуля, ыр кесени белгилүү журналист, атбашылык кайним Тынчтык Алтымышовго узаттың. Ал обончу, ырчы Алтымыш Кадыровдун сөзүнө жазылган («Тоолор») Аксуубай Атабаевдин обонун созду. Тынчтыктан ыр кесе кезегин алып, Эрнисим жакшы көргөн «Туугандар, жүрөлүчү эсенаман» деген ырын ырдадым. Ал ырдын текстин жактырдың. Бул ырдын автору ким экенин билбейм, кайсы бир тойдон тексти жагып калып жазып алганымды кечээ айттым эле…

Кай жактан, кай тараптан, кайсыл жактан,

Капыстан кирип келген кырсык жаман.

Ай айлап, жыл айланып, кырсыгы жок,

Туугандар, жүрөлүчү эсен-аман.

 

Балдарым жакшы өссүн дейт ар бир адам,

Балдардын жакшылыгын тилеп жалаң.

Уул үйлөп, кыз узатып, куда күтүп,

Туугандар, жүрөлүчү эсен-аман!

Ыр кесени белгилүү журналист Кубат Оторбаевге узаттым эле… анын да коңур үнү бар экен… бардык кесиптештердин ырларын ушул сенин туулган туулган күнүңө арнап коёюн…

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Кудай ар бир адамга ыйман берсин!»

Кубат Оторбаев ыр кесени депутат Жылдыз Садырбаевага узатты эле, ал ырдай албастыгын, ордуна ырдап берген адам болсо 100 доллар берерин билдирди. Ырга сайылган акчаны Аида Ян утуп алды. Андан кийин журналист агабыз Бакыт Орунбеков ырдап, депутаттардын акчалай сыйлыгына татыды…

Ыр кеседен соң сөз ортоңку муундагы журналисттерге тийип, кесиптешибиз Сымбат Максутовадан үч муундан турган 100 журналист тууралуу китеп даяр экендиги, демөөрчү жок жарыкка чыкпай турганы депутаттарга өтүнүч катары айтылды… Сымбаттын мээнет менен даярдаган китебинин жарык көрүшүнө  жардам беришээр деген үмүттө калдык…

Кече соңуна жакын чоң белектерге лотерея ойнотулду. Мындайда бак чуркайт эмеспи… Телевизорду Көз карандысыз журналисттер союзунун жетекчиси Азамат Касыбеков утуп алса, кир жуугучка Нарын Айып, муздаткычка журналист Толкун Наматбаева ээ болду.

Ошентип кенен убакыт созулган кече Абдыламит агайдын батасы менен аяктады. Агайыбыз журналисттердин башын бириктирген жакшы бир самаалык башталганын, ал мындан ары да улана беришин тилек кылып, журналисттерди ынтымакка, биримдикке чакырды.

Урматтуу журналисттер, белегиңиздер кут болсун! Келе жаткан майрамыңыздар менен! Жолдошум Эрнис айткандай, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам». Сөзүмдүн аягын кайнагам Мелис байкенин мыкты сөзү менен аяктайм:

«Ыйман деген түшүнүктү мен баарынан мурда адамгерчилик, абийир, чындык маанисинде кабыл алам. Бекеринен кыргыз элинде — «Ыйманың жан жолдошуң болсун» деп айтылбаса керек. Ошол себептүү адамгерчилиги чоң, абийири таза, чынчыл адамдарды- «ыймандуу», ал эми калп сүйлөгөн, бирди экинчиге чаташтыргандарды -» ыймансыз» деп айтышпайт. Адамдын башына түшкөн оор учурларда да » ыйманыңдын алдында жооп бер» дешет. Демек, ыйман — бул нравалык түшүнүк. Кааларым — кудай ар бир адамга ыйман берсин. Ошондо дүйнө да, коом да, адам мамилелери да кооз жана таза болмок«.

Мелис байке менен Эрнистин жаткан жери жайлуу болсун! Эсен болуп, эстей жүрөлү, кесиптештер! Баарыбыздын барар жерибиз ошол жак!

Назира СААЛИЕВА

«Супарадагы» сүрөттөр Данияр Жаркынбаевге таандык

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.