ЖАКЫНДА: “Жашагым келет”… «Күйөө сатам»…

ЖАКЫНДА: “Жашагым келет”… «Күйөө сатам»…

Укпадым дебеңиздер, келиңиздер!

Жакында Талас облусунун таланттары Бишкекке келишет. Тагырагы, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын таланттуу актер, актрисалары 9-10-11-12-13-ноябрда Бишкектеги Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Алакандай анонс:
9-ноябрь — Б.Сейитбекова, Ж.Исабаева “Семетейчи Сейдана”. Башкы ролдо КРнын эмгек сиңирген артисти Алмагүл Алсейитова.
10-ноябрь — Ч.Айтматов “Жамиля”. Бул спектакль “Тоо” театрлар фестивалында гран-приге ээ болгон.
11-ноябрь — Н.В.Гоголь “Текшерүүчү” комедиясы.
12-ноябрь — Ч.Айматов “Кызыл жоолук делбирим”. Аталган спектакль “Арт Ордо” фестивалында мыкты режиссура жана мыкты сценография сыйлыгына арзыган.

13-ноябрь — Ж.Өзүбекованын “Күйөө сатам” комедиясы жана жандуу үн менен коштолгон концерт тартууланат. Концерттин коноктору: Аалы Туткучев, Амантай Кутманалиев, Максат Кулуев, Султан Садыралиев, Ома, Мамырбай уулу Алымкул, Кундуз Таштаналиева. Ошондой эле, аталган театрдын фольклордук ансамблинин солисттери Айсалкын Эсенбекова, Темирхан Кеңешбек уулу ырдашат.

Ал эми баңгизатка азгырылып, анын курмандыгына кабылган өспүрүм жаштардын тагдыры чагылдырылган Адыл Болорбек уулунун калемине таандык “Жашагым келет” спектакли ар күнү күндүзү көрсөтүлөт. Бул трагедиялуу чыгармадагы баңгизаттын адам баласына тийгизген терс таасири, кесепети көпчүлүккө, өзгөчө жаштарга тирүү лекция боло алат.

Урматтуу туугандар, 9-10-11-12-13-ноябрда Айкөл Манас бабабыз, баатыр Чолпонбай Түлөбердиев, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов аталарыбыз жердеген ыйык жерден, Таластан келген Талас облустук музыкалык драма театрынын актер, актрисаларынын кайталангыс таланттарына күбө болуп, жан дүйнөңүздү театр искусствосу менен сугарып кетиңиз.

Театрдын көркөм жетекчиси Алмаз Бекботов, директору Акылбек Алыбаев.

Байланышыңыздар, интервью алыңыздар, урматтуу кесиптештер! Телефону: 0704 45-45-44

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.