ЖАРЫЯ: Бүгүн акын Зайырбек Ажыматов эскерилет. Кирүү акысыз (ВИДЕО)

ЖАРЫЯ: Бүгүн акын Зайырбек Ажыматов эскерилет. Кирүү акысыз (ВИДЕО)

Келиңиз, чогуу эскерели!

Бүгүн, 1-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын чоң залында КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Басма сөз сыйлыгынын лауреаты, акын, журналист Зайырбек Ажыматов эскерилет.

Башталышы 18.00. Кирүү акысыз.

Былтыр (2022-жылы) маркумдун тун уулу Назым атасынын туулган күнүндө «Доско кат»,  «Датасы жок күндөр» аттуу китептерин чыгарып, элден бата алган. Буга чейин маркумдун 4 китеби: «Жалгыздык» (1996-ж), «Мелмил» (2005-ж), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) жарык көргөн. Бир топ ырларына обон жаралган.

Кесиптешибиз Зайырбек 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. 1993-жылы мектепти бүтүрүп, Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы КМУУнун журналистика факультетине өтүп, аны ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун айтылуу Мелис Эшимканов (1962-2011) негиздеген «Асаба» гезитинен баштап, «Агым», «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио берүүлөрүндө эмгектенген. Өмүрүнүн акырында «Азаттык» радиосунда иштеп жүргөн. 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында көз жумган.

Сакталган сары кагаз…

2020-жыл бир топ адамдын башын алып кеткени менен жаман жыл болуп эсте калды. Ошол жылдын 29-январында журналист. акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК уулу капысынан кетип калды… Азыр ал Зайырбек жакта…

“З.га” деп мага арнап ыр жазган Эрнис байкем» деген Зайырбек иним 2000-жылы жазылган ырды сактап жүргөнүн айтып, кубанып, чекеси айрылган сары кагазды Вотсабыма салды эле. Анда 2019-жыл болчу…

Бул ыр жолдошумдун «Каалга» аттуу китебине кирген.

З.га

Келесиң караңгы көчө менен,

кемшейген жетим тамдар карашат карааныңды.

Билишпейт жетим тамдар, билишпейт жылдыз,

асман кай жакка бараарыңды.

Келесиң асман батпай көөдөнүңө,

ыйың батпай көздөрүңө,

ырың батпай сөздөрүңө,

сырың батпай…

Калсачы таңың атпай, күнүң батпай…

Жонуңда жокчулугуң, оюңда токчулугуң

туйлашып көкүрөктө жулмалашып.

Бирине-бири болуп азап кайгы,

жолдору турса дагы болуп айры…

Келесиң дарман калбай, арман калып.

Жан дилде адам калбайайласыз кадам калып,

Келесиң… келесиң Сен…

Акыр-чикир калдыгындай үйүп салчы мастыкты,

түбү терең түйүнчөктө түйүп салчы.

жаштыкты кетчи кезип, аалам кезип, жер кезип.

Эшилген кум — эрме чөлдүү, Эл кезип.

Кетчи, кетчи, кетчи Сен!

Дал ошондой даанышмандын турпатына жетчи Сен!

Жалгандын керемети, жашоонун дарамети

ошондо тизе бүгүп, ошондо тагдыр сага чөгөлөйттүр.

Көптү да эңсебеген, жакшыны тепсебеген

көңүлүң көкөлөйттүр…

Келесиң… келесиң сен…

Билемин бүт баарысын жеңесиң… жеңесиң сен!…

Эрнис АСЕК уулу. 1-март. 2000-жыл

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.