ВИДЕО – Айтылуу Байдылда Сарногоевдин өз аты-жөнү башка экенин билчү белеңиз?

ВИДЕО – Айтылуу Байдылда Сарногоевдин өз аты-жөнү башка экенин билчү белеңиз?

Бүгүн «дүйнөнү калем менен башкарган» залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген күн. Улуу жазуучунун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь — Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

Таберик тасма таржымалы…

Адабият майрамын утурлай үч залкар: жаркылдап сахнада — президиумда — маараке ээси Темиркул Үмөталиев, мааракеге баш-көз болуп куттуктоо сөзгө кезек берип Чыңгыз Айтматов отурган, анан турган жерде ыр саптары төгүлгөн, азил-какшык аралаш саптары менен далайды чычалаткан, далайды алдастаткан Байдылда Сарногоевдин микрофондор, жарык кылчу лампасы тагылган трибунада куттуктоо азил кебин айтып жаткан кыска тасма «Фейсбукка» тарады

Байдылда атабыздын кичүү кызы Карлыгач эжеден таберик тасма жайын Вотсаптан сурап жазсам, мындай жооп келди: «Ушул видеону көбү мага жиберип жатышат. Алтындай Атамды көрүп алып көзүмө жаш тегеренди… Ошол учурда Атам «улутчул» атыгып, куугунтукта жүргөн кези болчу. Темиркул Үмөталиевдин маараке кечеси болчу. Иним Бахтияр келгенде жылын сурасам, 1987-жылкы видео экенин айтты. Атабыз 55 жашта экен …»

Мына, тартылганына 34 жыл болгон жогорку тасма таандык 1987-жылыБайдылда Сарногоевдин 55 жашы, Чыңгыз Айтматов алтымыштын кырына жакындап 59га, маараке ээси Темиркул Үмөталиевдин кутман курак 80ге келген убагы экен…

Анан Байдыкебиздин ошол тасмада «Аксы элинин кулуну, акын калктын дулдулу» Темиркул Үмөталиевге арнаган арноо саптары да тажатма куттуктоолордон эмес экен чиркин:

«Илгери биз бала кезде, элетте, айыл арасында:

«Серкенин майын ашаган,

Сексенге чыга жашаган.

Токтунун майын ашаган,

Токсонго чыга жашаган» деген аялдардын кошок ырларын кулагым көп чалган. Эми бул жерде Темикем менин атам десем атамдай киши, агам десем агамдай киши. Ошол жанагы токтунун, серкенин майлары: 

Миң жылдар айтып көп жүрүп,

Бул кошок калган эскирип.

Сексенге чыккан кандай чал,

Серкенин майын жеп жүрүп?

Той менен ашта көп жүрүп,

Ток болуп көңүл өстүрүп,

Токсонго чыккан кандай чал,

Токтунун майын жеп жүрүп?

Турмушту туура сездиби?

Эл үчүн эмгек эттиби?

Болбосо ошол маркумдар,

Май ашап жүрүп өттүбү?

Эми, Темике, кошок го кошок, мейличи,

Тирүүнүн камын жейличи.

Опол тоо сиздей чоң акын,

Оорубай жүрсүн дейличи.

Сиз өткөн чалдан эмессиз,

Сиз андан такыр бөлөксүз,

Бир гана кыргыз калкы эмес,

Бүт өлкөгө керексиз. 

Кыйлага даңкы жарыя,

Кыргызда көп го карыя,

Өнөрлүү өскөн жаштарга,

Өзүңүз Нарын дарыя.

Биз сизге куйган булакпыз,

Былдырап аккан “чунакпыз”,

Билерсиз сөздүн төркүнүн,

Булаксыз дарыя кубатсыз.

Колуна калем кармаган,

Чымындуу көп го жайнаган.

Ким кеңеш угуп кунт коюп,

Ким сизден сабак албаган.

Октябрь чачкан нур менен,

Партия берген сый менен,

Парнаска чыккан кезиңиз,

Бактылуу болуп ыр менен.

Сиздеги соккон бир жүрөк,

Ал кандай жүрөк, ким билет?!

Түшүндө деле, өңүндө,

Ата Журт менен бир жүрөт.

Эл-жерге койду жүз бөлүп,

Эл-жерде биз да иштедик.

Сүйүктүү элдин экендир,

Сүйгөндөр аздыр сизчелик.

Аксакал акын тирегим,

Агамдай сизди сүйөмүн.

Айтсынчы анда иниңиз,

Азыркы каалоо-тилегин.

Айсулуу кызды эстесем,

Мен сизди жигит деп кетем,

Ченемсиз жашоо ыраатында

Жетпеген сексен кеп бекен.

Эмесе, Темике, токтунун майын ашабай,

Эми топоздун майын ашаңыз,

Тоо бүркүттөй күүлөнүп, 

Токсонго чыга жашаңыз.

Токсонго чыгып тим болбой,

Жүзгө дейре жашаңыз» дептир кайран акын… 

Эми кеп оролу келип турганда, баяныбызды Байдылда Сарногоев тууралуу жазылып калган архивдеги эскерүүлөрүбүз менен уланта берели…

Бахтияр САРНОГОЕВ: «Атамдын өз аты-жөнү башка экенин угуп, биз да таң калганбыз»

«Акындын эки өмүрү бар: бири — өз өмүрү, экичиси – ырларында» дегендей, ыр күлүгүн чаап өткөн алп акын Байдылда Сарногоев атабыздын ырлары калк арасында жашоосун улантып келет. Байдылда атабыздын өз аты-жөнү башка экенин 2007-жылы «Де-Факто» гезитиндеги Зина Сарногоева эжебиз менен болгон маекте, ортончу уулунан уктук эле. Анда Бахтияр байке мындай деген:

— Таласта Чоң-Чычкан (азыркы «Жерүй» кени салынган жер) деген тоо бар. Ошол жакта Кулманбес (негизи Кулун эмбес болчу) деген кыштоо бар. Атам ошол жерде төрөлүп, балалыгы ошол жерде өткөн. Уруусу — чылпак. Чылпактар «күңгөй, тескей» деп экиге бөлүнөт экен. Атам тескей чылпактардан болот. Чоң атам Сарногой молдо болгон экен. Негизи чоң атамдын да өз аты — Айтманбет. Эл арасында ногой, татарлар көп жашашкан экен. Ошолор менен кошуна туруп калганда, бир татар молдо, чоң атам сары киши болгондуктан аны «Сарыногой» деп атап койсо, ошол аты ошол бойдон айтылып калып кетет. Атамдын да азан чакырылып коюлган аты Убайдылда болуптур. Ошондо өз аты-жөнү — Убайдылда Айтманбетов болуп атат да. Биз деле кийин, 1991-жылы кайсы бир журналга атамдын берген интервьюсунан окуп алып таң калганбыз.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Айтмакчы, улутун сүйгөн айыбы үчүн «улутчул» аталып куугунтукта жүргөн атасын колдоп калпак кийген Карлыгач Сарногоеванын маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.